БЕТКАПТЫН КАНЧАЛЫК ПАЙДАСЫ БАР?

  • 19.03.2020
  • 0

Жугуштуу оорулардын алдын алууда медициналык башка каражаттардын арасында беткаптар өзгөчө орунду ээлейт. Биз беткаптарды кайсы учурда  жана аларды кантип туура колдонуу керек экенин билишибиз абзел.

Беткаптар кайсы учурларда бизге зарыл?

  1. Дем алууну оору козгоочу вирустардан коргоо үчүн;
  2. Курч респиратордук жугуштуу оорулардан сактануу үчүн;
  3. Коомдук транспортто жүргөндө;
  4. Адамдар көп чогулган жерлерде болгондо;
  5. Жугуштуу ооруга чалдыккан бейтаптарга кам көрүүдө;
  6. Курч респиратордук оору белгилери бар адамдар менен мамилелешүүдө;
  7. Эң башкысы, жугуштуу илдеттерди жайылтпоо үчүн керек болот.

Беткаптарды кантип туура колдонуу зарыл?

  1. Беткаптардын колдонуу мөөнөтү сапатына жараша 2,4 жана 6 сааттык болот;
  2. Колдонулган беткапты кайра колдонууга болбойт;
  3. Беткаптын сырт жагын кармагандан кийин колду сөзсүз самындап таза жууш керек;
  4. Колдонулган беткаптарды таштанды чакага салуу зарыл;
  5. Беткапты кайсы жагынан тагынуу маанилүү эмес;
  6. Беткапты ооз-мурунду жылчыксыз жапкандай кийүү туура;
  7. Беткаптар ачык жерлерде эмес, коомдук транспортто, көпчүлүк арасында керек.

     А.Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер