БЕШКЕ ЧЕЙИН ҮЛГҮР

  • 22.11.2022
  • 0

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек Парк соода борборунда “Бешке чейин үлгүр” тиркемесинин бет ачары болуп өттү. Балдар үчүн майрамда улуттук оюндар боюнча мастер-класстар, сынактар өткөрүлдү.

БЕШКЕ ЧЕЙИН ҮЛГҮР

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун пресс-кызматынын катчысы Салтанат Абдыбек кызынын берген маалыматына таянсак,  тиркемеден абдан кызыктуу маалыматтарды тапса болот жана ал маалыматтар ар бир ата-энеге  кандайдыр бир жардамы тийет деген ишеничте.

БЕШКЕ ЧЕЙИН ҮЛГҮР

 

— Балдардын акылынын тунуктугу, манжаларынын шыктуулугу моторикалардын жакшы калыптанышы бала бакчадан же мектептен башталбайт, баары үйдөн жана ата-энелерден башталат, муну ата-энелер эске алышы зарыл, — дейт пресс-катчы.

 

“Бешке чейин үлгүр” тиркемеси акыркы илимий изилдөөлөрдүн негизинде Сидней университетинин мээ жана акыл эс борборунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыкты.

— Тиркемени кыргыз тилине адаптациялоодо жергиликтүү ата-энелердин каалоо- тилектери эске алынды. Ал кыргызстандык кенже курактан өнүктүрүү боюнча алдынкы эксперттер, саламаттык сактоо тармагында иштеген мыкты кызматкерлердин элегинен өткөндөн кийин тартууланды. Тиркеме “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан Миндеру фондунун колдоосу менен даярдалды. Майрамдын өзөгү – балдардын жашоосуна шарт түзүп берүүнү жакшыртуу. БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча 20-ноябрь Балдардын эл аралык күнү деп бекитилген. 1959-жылы 20-ноябрда “Балдар укуктарынын декларациясы”, 1989-жылы “Балдар укуктарынын конвенциясы” кабыл алынган. Наристе үчүн көптөгөн өнүктүрүүчү иш-аракеттерди камтыган “Бешке чейин үлгүр” тиркемесин ар бир ата-эне жүктөп алуусу керек, — дейт “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева.

Уюштуруучулар иш-чаранын алкагында улуттук оюндарды ойнотуп,  балдардын көңүлүн дагы көтөрө алышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер