БЕШИК ЫРЫ — УЛУУ ЖАНР, УЛУТТУК НАРК

  • 21.03.2018
  • 0

Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду уюштурган «Бешик ыры» республикалык сынагы чоң салтанат менен жыйынтыкталды. Сынакка 47 адам катышып, 55 ыр калыстар тобуна келип түшүп, анын ичинен эң мыкты деп 15 ыр аныкталган. Калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Талас районунун Кумарык айылынын «Байчечекей» бала бакчасынын тарбиячысы Канышай Капарова жеңип алып, ал Түркияга жолдомо алды. Экинчи орунга – Чүй облусунун тургуну Кенжеева Айымкан жана Жети-Өгүз районунун Чоң Кызыл-Суу айылынын тургуну Мусалиева Гүлжан чыкса, үчүнчү орун – акын жана драмтург Өзүбекова Жеңишкүлгө, акын Шакирова Гүлжамиляга жана Ат-Башы райондук гезитинин бухгалтери Таалайбек кызы Бегайымга ыйгарылды. Ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктарга Кымбат Үсөнбек кызы — Талас шаарындагы «Теремек» бала бакчасынын тарбиячысы, Элмира Абдыбекова — Тогуз-Торо районунан келген мугалим, Улмира Молдобекова — Таластагы «Асел» бала бакчасынын тарбиячысы ж.б. ээ болушту. Жеӊүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. “Бешик ыры” компакт-диски сынакка келген бардык көрөрмандарга таратылды. Сахнада бешик ырлары кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жаңырды.

БЕШИК ЫРЫ -  УЛУУ ЖАНР, УЛУТТУК НАРК

Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун пресс-катчысы, долбоордун жетекчиси Топчугүл Шайдуллаева иш-чараны ачып, биринчи жолу Кыргызстанда ушундай форматта республикалык сынак өтүп жатканын белгиледи.

— Бул сынакты биз бекер жеринен өткөргөн жокпуз. Бешик ырлары улам сайын унутулуп баратат. Бул адамзаттын өнүгүшүндө абдан чоң феноменге ээ болгон бешик ырын бүгүн биздин энелерибиз ырдабай калды. Ушул өксүктү, бөксөнү толтуруу үчүн, бешик ырларын жандандыруу, жайылтуу, жаңы сапат берип, жаңы баскычка көтөрүү үчүн бешик ырына сынак жарыялаганбыз, — деди пресс-катчы.

Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду 4-5 жылдан бери балдарды эрте куракта өнүктүрүү деген багытта иштеп келатат. Алардын бир топ долбоорлорунун ичинде бешик ыры дагы бар. Конкурсту уюштураардан мурда фонддун кызматкерлери кыргыз радиосунун алтын фондусунда жазылган буга чейинки бешик ырларын угуп көрүшкөн. Көрсө, композиторлор музыка, акындар ыр жазып, ырчылар ырдап чыккан искусствонун чыгармалары көрүүчүлөргө, угуучуларга арналыптыр.

— Ошондуктан биз энелердин өзүнүн үнү менен, эч кандай музыкалык инструменттин коштоосу жок, баласына арнаган ырларга конкурс жарыяладык. Уучубуз кур эмес экен. Ушул демилгенин башында КРнын экс-президенти, “Р.Отунбаеванын демилгеси” фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева турду. 2017-жылдын июнь айынан баштап ноябрга чейин сынакты жүргүзүп, 47 катышуучудан 57 ыр келип түштү. Бүт Кыргызстандын аймактары катыша алды. Айрым региондор, маселен, Ысык-Көл менен Талас облусу абдан активдүү катышышты. Ушул ырларды тандоодо жакшы өнөктөш болуп, башында турган композитор, профессор Муратбек Бегалиев калыстар тобунун төрагасы болду, — деди долбоордун жетекчиси.

Адистердин айтымында, бешик ырын уккан баланын тили бат чыгып, дүйнөнү кабылдоосу дагы бат болуп, угуу сезими бат өнүгүп, жүрөгү жумшак болот. Бешик ырын угуп, магдырап жаткан бала энесинин үнүн угуп отуруп, андан күч алып, уйкусу тынч, ал эми ара төрөлгөн бала бешик ырын укса бат торолуп, ден соолугу да жакшы болот. Бешик ырын энелер ырдай берсе, эненин мээрими төгүлүп, эненин сүтү да жакшы чыгат экен.

Адистер эне менен баланын, ата менен баланын ортосундагы өз ара мамилелери канчалык жакын болсо, ошончолук баланын өнүгүүсү үчүн баа жеткис каражат экенин, бала тарбиялоодо чоӊ сапаттык секирик болорун белгилешкен, — деди Т.Шайдуллаева.

БЕШИК ЫРЫ -  УЛУУ ЖАНР, УЛУТТУК НАРК

Роза Отунбаева, экс-президент:

— Дүйнө тез өнүгүп жатат, биз дагы артта калбайлы деп жаш балдарды өнүктүрүү боюнча көп алектенип, аракеттенип атабыз. Мектептерде дагы окутуу такыр башкача өңүттө баратат. Мисалы, Россияда 100 мектеп бар экен, ал билим очогунда окуучулар партада отуруп алып, 45 мүнөт сабак окушпайт. Алар класстын ичинде басып-туруп жүрө беришет. Жалаң проектилердин үстүндө иштешет экен. Азыр турмуш ушундай талаптарды коюп атат. Бүгүнкү күндө такыр башкача формацияда, башкача ойлонгон балдар керек деп. Биз дагы, маселен, бала бакчаларга бир топ жаңылыктарды киргиздик. Айрым бала бакчалар Монтессоринин программасы менен иштей башташты. Кыргызстанда 800 миң 7 жашка чейинки балдар болсо, анын ичинен жаңы төрөлгөн балдар 200 миң болуш керек. Бул балдарга бешик ырын ырдап, жаңыча тартип, ирээти менен жашоого даярдашыбыз керек. Балдар 10-12 саат укташы зарыл. Балага жомок окуп, бешик ырын ырдаганда ал тартиптүү, ирээттүү болот. Музыка абдан маанилүү экенин композиторлор айтып жатышат. Илимдин негизине таянып балдарды өстүрсөк, Кыргызстаныбыз сабаттуу, күчтүү, илимдүү республика болот.

Муратбек Бегалиев, калыстар тобунун төрагасы:

  • Бешик ыры улуу дагы, сулуу дагы, касиеттүү өзгөчө жанр. Биринчи жолу мага кайрылышканда мен ойлодум эле бардык профессионалдарды чогултуп туруп, ошол ырларды оркестрге салып, элге алып чыгалы деп. Кийинчерээк Роза Исаковнанын демилгеси менен таптакыр башкача болду. Натуралдык түрдө ошол эжелер, апалар, кыздар кандай ырдаса ошолорду алып келдирип, баарын күнүгө угуп, талдадык.

Ысмайыл Кадыров, балдар акыны:

1970-жылы Совет мезгили гүлдөп турган учурда бешикти колдонбоо, анткени бешикте термелген баланын мээси чайкалып калаары, ошондуктан коляскага өтүү жөнүндө Кыргызстан Компартиясынын атайын чечими чыккан. Ошондо кыргыздын таланттуу дагы, пикирин коркпой түз айткан өткүр дагы уулдарынын бири, жазуучу Мурза Гапаров бешиктин жакшы жактарын айтып, Компартиянын чечимине каршы чыккан пикирин “Комсомольская правда” гезитине жарыялаган эле.

Азыр бешик ыры түгүл, бешиктин өзү өтө эле азайып, мурдагыдай ар бир үйдө бешик термелбей, бешик ырын баланын энеси түгүл чоң энеси, таенеси тыңгылыктуу билбей, “алдей, алдей” дегенден башка бир да сөз эстутумдарына кирбей, баланы коляска менен сүйрөп калган заман. Ырас, байыркы заманды көксөп, кайра айтка кайталы, боз үйдө бешик терметип отуруп калалы дегенден алысмын. Бирок баардыгын эле чана бербей мурункунун жакшы жактарын алып, жайылтканга неге болбосун.

Бешик ыры өзүнчө адабий жанр. “Ырыма бир да жолу калп айта албайм”, — деп Алыкул Осмонов айтмакчы, бешик ырында жалаң гана ак дилден чыккан тилектер, каалоолор, баталар айтылат. Искусствонун касиети ушунда, биз өмүрү көрбөгөн музыкалык аспаптан чыккан күү, башка биз билбеген тилде ырдалган ыр жакшы болсо, анын ыргагына арбалып кетет эмеспи!? Бешик ыры дагы ушул сыяктуу. Бала али бешик ырын түшүнбөсө да бешик ырынын касиети менен уктайт, жакшы түш көрөт, ал уктап баратып жүрөгү менен кабыл алып, ырдын сөздөрүн, обонун кан-жанына сиңирет. Бешик ырындагы керемет сөздөр баланын кулагы аркылуу көкүрөгүнө уюйт. Кийин акыл кирип, тили чыкканда, акырындык менен ошол сөздөр кайрадан эсине түшөт. Мүнөзү калыптанат. Ал түгүл адистердин айтымында, бешик ырын угуп чоңойгон бала тез ирденип, жакшы торолуп, угуу, туюу сезимдери бат калыптанып, тили так чыгып, сөз байлыгы мол болот экен. Деги эле бешик ырын угуп чоңойгон бала мээримдүү, боорукер, жароокер болуп чоңоюрун карыларыбыз айтып келишет.

Азыркы кезде балдар бешик ырын укпай чоңойгондуктан мээримсиз чоңоюп, эне тилин жакшы билбей, кыргыз тили жарды тил деп жүрүшпөйбү. Ошондуктан бешик ырлары баланын жакшы адам болуп өсүшүнө өбөлгө болот деп ойлойм. Илгертеден эле макалдаштырып, сөздөрдү ырдай кылып куюлуштуруп сүйлөгөн кыргыз элинин салты уланып, жаш келиндер да сөздү баалап-барктаганга, мааниси менен сүйлөгөнгө, жаштайынан каалоо-тилектерин эркин билдиргенге көнүшөт. Эне менен баланын мамилеси бекем болот.

Музыкалык аспаптын коштоосусуз, эненин кулакка угумдуу, баланы көөшүтүп, мемиреп уктаганга шарт түзгөн жай, мукам чыккан добушу менен жагымдуу маанайда бешик ырлары аткарылды. Ырахат тартуулады. Конкурска жаш келиндерден тартып ак элечек апаларга (улуусу 82де экен) чейин катышканы жагымдуу болду. Мына ушунун өзү эле кыргыздын рухий байлыктарынын бири болгон бешик ыры кайрадан жандандырууга муктаж экенин айгинелеп турат.

БЕШИК ЫРЫ -  УЛУУ ЖАНР, УЛУТТУК НАРК

Бул конкурстун мааниси өтө чоң. Анткени биздин элде байыртадан эле эне бешик терметип, батасын, ак тилегин, каалоо-мүдөөсүн баланын кулагына куюп тарбиялаганда, эненин тилеги бешик ыры аркылуу баланын жүрөгүнөн түнөк таап, баланын жан дүйнөсү тазаруу менен эненин аруу тилектери кудайга жетип, ал жер бетиндеги пенделерине ыймандуулук ыроологон. Бешик терметип, баласына бар жакшылыкты арнаган энесинин жакшынакай ырларын угуп чоңойгон бала эч качан жамандыкка барбайт дешет. Ошондуктан ушундай конкурсту мезгил мезгили менен өткөрүп турууну катышкандар бир добуштан белгилешти.

Ушул конкурска менин “Бешик ыры” деген мурда гезит-журналдарга, китептерге чыккан, обончу Камчыбек Букалаев обон чыгарган ырымды Таласта бала бакчада иштеген Улмира Молдобекова ырдап, конкурска катышып, жеңүүчүлөрдүн катарына кирип, анын аркасы менен ырдын автору жана обончусу кошо чакырылганына кубанычта болдук. Экс-президент, жогоруда аталган коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын колунан диплом жана баалуу белектерди алдык. Ошондой эле “Манас” китотеатрынан “Дарак ыры” мюзикл-фильмин көрдүк.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер