БЕШ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН МУГАЛИМ

  • 06.02.2023
  • 0

Кара-Көл шаарындагы №5 жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими Камбарбек Исмаилов бери жагы  Индия, Кытай, Түркия, Катардан билим алып келип, учурда англис тилин өз окуучуларына үйрөтүүдө.

БЕШ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН МУГАЛИМ

Жакында жаш педагог шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук каанасы тарабынан жарыяланган «Жаш адистерге усулдук жардам айлыгынын» алкагында  «Ар бир кесип ардактуу» деген темада ачык сабак өтүп,  бүтүрүүчүлөрдү кесип тандоого багыттады. Жандуу сабак өз  максатына жетти. Сабакта жаш педагог ар түрдүү кесип ээлери тууралуу видео-материалдарды көрсөтүп, окуучуларды заманбап кесиптер менен тааныштырды.

БЕШ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН МУГАЛИМ

Сөздөрдү, сөз айкаштарын, кыска текстти англисчеден-кыргызчага котортуп окуучулардын котормочулук шыгын курчутту. Ошол эле учурда ал окуучулардын өз эне тилине карата сый-урматын,  Мекенге болгон сүйүүсүн, мекенчил сезимдерин ойготууну да  унуткан жок. Мугалим окуучуларды өз ойлорун эркин айтууга, келечекке карай ишенимдүү кадам таштоого үндөдү.

Кесиптердин төрөсү болгон мугалимдик кесипке багыт берип, анын  улуулугун өрнөктүү мисалдар менен далилдеди. Ачык сабакта окуучулар менен сабакка катышкан мүгалимдердин жандуу баарлашуусун уюштура алды. Мугалимдер окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

БЕШ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН МУГАЛИМ

Сабактын аягында, жаш адиске:

«Камбар, сен чет мамлекеттерден билим алсаң, беш тилде эркин сүйлөсөң, спорттон да мыкты жетишкендиктерин туруп, эмне үчүн айылда иштөөнү чечтиң?» деп суроо узаттык.

Сурообузга ал: «Мен чет жерде иштесем, анда  өзүмдүн гана кызыкчылыгым үчүн иштемекмин, ал эми бул жерде жок дегенде илимге, тилге муктаж 100 баланы өстүрсөм, мамлекетке кошкон кымындай болсо да жардамым болор» деп жооп берди.

БЕШ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН МУГАЛИМ

Камбар — үй-бүлөдөгү беш бир туугандын кичүүсү. Атасы Исмаилов Жолборсбек өмүр боюу дене тарбия мугалими болуп иштеген. Азыр жубайы Касымбекова Гүлнара экөөсү тең ардактуу эс алууда.
Ушундай ар тараптуу жаш адистин таасирдүү сабагына күбө болуп отуруп, биз, ачык сабактын коноктору, ар бир чет жерден билим алган билимдүү-илимдүү жаштарыбыз өз Мекенине кайтып келип,  мамлекетибиздин өнүгүүсүнө Камбар агайдай колдон келген салымын кошсо,  Кыргызстаныбыз балким биз эңсеген, биздин балдар эңсеген экономикалык жактан күчтүү мамлекетке эртерээк айланмак беле деген ойго келдик!
Азаматсың Камбар, сен чыныгы кыргыздын патриот уулусуң!
Ушунуңдан жазба, учурда мектеп сага окшогон билимдүү  агайларга муктаж!

Тилен ОРОЗОВА, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер