БЕШ МИҢДЕН АШЫК КЫРГЫЗСТАНДЫК АКЫСЫЗ КЕСИПТИК БИЛИМ АЛДЫ
- 15.10.2019
- 0
Кыска мөөнөттүү окутуу курстары (4,5 ай) Кыргызстандын бардык аймактарындагы кесиптик лицейдин базасында уюштурулган. Жарандар тоо-кен, туризм, транспорт, энергетика, байланыш, айыл-чарба, балык уулоо, информациялык технология, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы тармагы боюнча билим алышты.
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Жөндөмдөрдү өнүктүрүү фондунун ишердүүлүгү алкагында жыл башынан бери жалпы 5220 адам кыска мөөнөттүү окутуудан өттү. Алардын дээрлик 45% аялдар жана кыз-келиндер. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны – 300.
Окутуудан өткөн адамдардын 74% жумуш менен камсыз болушту.
Жөндөмдөрдү өнүктүрүү фондунун негизги өнөктөштөрү “Манас” эл аралык аэропорту, “Кант цемент заводу” ААК, “Кайыңды- Кант” ААК, “Кыргызнефтегаз” ААК, Токтогул, Камбар-Ата ГЭСтери, Кыргызстандын ашпозчулар жана туризм ассоциациялары.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер