БЕЛГИЛҮҮ ЖУРНАЛИСТТИН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН «АКЫЛ ОРДО»

  • 09.05.2021
  • 0

Жакында Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинде белгилүү журналист, таланттуу алып баруучу Салтанат Саматованын жаркын элесине арналган «Акыл ордо» билимдүүлөр сынагы болуп өттү.

Кыргыздын кыраан кыздарынын бири Салтанат Саматова «Акыл ордо» интеллектуалдык оюнунун калыптанышына зор салым кошкон. Ал 2012-жылдан тартып «Акыл ордо» таймашын КТРКда алып барган.

Бул күнкү сынак так илимдер усулдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага 7- класстын окуучулары катышты. Сынакты өткөрүүдө санариптик технологиялар пайдаланылып, окуучулардын арасынан мыктыларын аныктоого чоң өбөлгө түздү. Анда кызыктуу суроолор берилип, жооптор алынды. Жеңүүчүлөр атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Досалиева Гүлшайыр, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер