БЕЛГИЛҮҮ ДИЗАЙНЕР МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОР ОШМУДА ИШКЕ АШАТ

  • 15.04.2024
  • 0

Кытай жибек искусствосунун дизайнери, “Фан Яньянь” брендинин негиздөөчүсү, белгилүү арт-дизайнер Фань Яньянь баштаган делегация ОшМУга келди.

БЕЛГИЛҮҮ ДИЗАЙНЕР МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОР ОШМУДА ИШКЕ АШАТ

Делегациянын курамында белгүлүү дизайнерлер Ли Фэн, Гун Чэн, режиссёр, жазуучу Чжоу Синь, Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси, Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун директору Гүлзат Исаматова, аталган университеттин ага окутуучусу Мейизкан Кадырова да бар.

Коноктор алгач окуу жайдын кыргыз-кытай, искусство факультеттери менен таанышып, окутуучулук курамынын сүрөт, декоративдик колдонмо, өнөр көргөзмөлөрүнө күбө болушту.

БЕЛГИЛҮҮ ДИЗАЙНЕР МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОР ОШМУДА ИШКЕ АШАТ

Жолугушууда Фань Яньянь айым ОшМУнун ректорунун окуу жайга болгон чакыруусуна ыраазычылык билдирип, окуу жай менен биргеликте Кыргызстан менен Кытай мамлекеттерин бириктирген искусство, маданият жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, адистердин тажрыйба алмашуусу жаатында кызматташууларга кызыктар экендигин билдирди.

  • Жыл сайын октябрь айында Улуу Жибек Жолу көргөзмөсү өткөрүлүп келет. Кыргызстанга келерде көргөзмөнү уюштуруучулар менен жолугуп баарлаштым, быйылкы жылы ошол көргөзмөнүн бир бөлүгүндө Орто Азиянын маданиятын, искусствосун чагылдыруу чечими кабыл алынды. Бул кыргыз искуствосун, маданиятын эмгектеринде чагылдырып келе жаткан кесиптештерибиз үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. ОшМУдан да ошол көргөзмөгө катышууга чакырабыз. Ошондой эле Кытайдын түндүк-батышында жайгашкан Дуньхуан шаарында 400 м кв түзгөн өзүмдүн жеке эмгектерим коюлган музей бар, ошол жерден да кыргыз кесиптештерибиз үчүн аянча бөлүп берүүнү ойлонуп жатабыз. Дуньхуан шаары тарыхый шаар болгондуктан туристтердин агымы көп болот. Кыргыз искусствосун, маданиятын жайылтууга аянтча болуп берет деген ишеничтемин. Кыргызстандагы мыкты кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин Кытайда таанытуу, Кытайдын салттуу маданиятын Орто Азияга таанытуу боюнча алдыда пландар бар, — деди Фань Яньянь.

БЕЛГИЛҮҮ ДИЗАЙНЕР МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОР ОШМУДА ИШКЕ АШАТ

Жолугушуунун биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кытай жана Орто Азия мамлекеттеринин кол өнөрчүлөрүнүн ассоциациясын түзүү, Жибек Жолу устаканасын ачуу долбоорлору боюнча сөз болду. Окуу жайдын ректору ОшМУнун 4-муундагы университетке багыт алуусунда мындай байланыштардын орду чоң экендигин белгиледи.

Коноктор үчүн маданий иш-чара уюштурулуп, анда кыргыз улуттук кийимдернин, стилдештирилген заманбап костюмдардын коллекциясы боюнча мода көргөзмөсү болду. Күндүн экинчи бөлүгүндө коноктор ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи жана окуу-өндүрүштүк комплекси менен таанышты.

БЕЛГИЛҮҮ ДИЗАЙНЕР МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОР ОШМУДА ИШКЕ АШАТ

Кытай жибек искусствосунун дизайнери Фан Яньянь Кытайдын маданиятын жана улуу Жибек Жолун чагылдырган биринчи сүрөтчү. 2023-жылдын май айында “Фан Яньянь искусство борбору” Сиань шаарында өткөн Борбордук Азия саммитинде Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова менен жолугушкан. Фан Яньяньдын жибек сериясы Борбордук Азия саммитинин расмий VIP белеги катары тандалган.

Ушул жылдын февраль айында Кыргыз делегациясынын Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Шэньси провинциясынын аялдар федерациясынын төрагасы Ли Цин жана арт-дизайнер Фан Яньянь менен жолугушкан. Анда тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө катышуусун талкуулашкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер