«БЕЛЕККЕ КИТЕП ТАРТУУЛА»

  • 27.04.2018
  • 0

Ноокен районунда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата жарыяланган «Белекке китеп тартуула» аттуу бир айлык акциянын жүрүшүндө райондогу китепканаларга китептер тартууланды.

«БЕЛЕККЕ КИТЕП ТАРТУУЛА»

Маалым болгондой, бул акциянын алкагында ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Райондук китепканада «Мен дүйнөнү китеп менен тааныйм» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда сүрөт тартуу, көркөм окуу, ыр жазуу, улуттук бийлерди бийлөө шарттары болуп, китеп окурмандарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр райондук мамлекеттик администрация, Масы айыл өкмөтү, райондук «Ноокен жаңырыгы» гезитинин редакциясы жана райондук маданият бөлүмү тарабынан белектер тапшырылды. Бүгүнкү күндө акциянын жүрүшүндө райондун аймагындагы мекеме-ишканалар тарабынан китепканаларга китептер белекке берилип жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер