БЕЛАРУСТУН ЖОЖДОРУНА ОКУУГА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 25.01.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (2006-жылдын 27-ноябры) алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021/2022 окуу жылына карата Беларусь Республикасынын ЖОЖдорунда окууга документтерди кабыл алуу башталды.

2021-жылдын 25-февралына чейин

Беларусь Республикасынын Элчилигине тапшыруу үчүн

ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ

Адистиктин аталышы (адистиги)
Жогорку билим берүүнүн I баскычы / орундардын саныЖогорку билим берүүнүн II баскычы (магистратура)  / орундардын саны
«Маалыматтык тутумдар жана технологиялар» / 1

«Маалыматтык коопсуздук» / 2

«Жалпы медицина» / 1

«Айыл чарба процесстерин техникалык жактан камсыз кылуу»/ 2

«Электрондук тутумдар жана технологиялар» / 1

«Журналистика» / 1

«Китепкана жана маалымат ишмердүүлүгү » / 1

«Экология» / 1

«География» / 1

«Мамлекеттик башкаруу жана экономика» / 1

 

  1. Беларустагы тандалган адистиктин жана окутуунун пайдасына жүйөлөрдү келтирүү менен окутууга кабыл алуу жөнүндө арыз (форма боюнча түзүлүшү зарыл (төмөндө караңыз);
  2. Чет өлкөгө чыгуу документинин көчүрмөсү жана ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  3. Билим берүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (же жарандын студент экендигин тастыктаган, акыркы окуу жылындагы жана ушул жылдын бүтүргөн чейректери / семестрлери боюнча билим берүү мекемесинин жетекчиси тарабынан тастыкталган бардык предметтер боюнча баалардын тизмеси);
  4. Орус тилин билгендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  5. Тандалган адистик боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык документтин көчүрмөсү жана ВИЧ-инфекциясы жок экендиги жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
  6. Окуу жайынан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);
  7. Беларуссиялык ата тегин тастыктаган документтер (бар болсо);
  8. Эгерде бар болсо: жарыяланган илимий эмгектердин тизмеси жана көчүрмөлөрү, ойлоп табуулардын сүрөттөмөлөрү, жүргүзгөн изилдөөлөр жана тажрыйба-конструктордук иштер боюнча отчеттор (эгер бар болсо), адистикке тапшыраарда биринчи профилдик тесттин предмети менен аныкталган академиялык предметтер боюнча эл аралык олимпиадалардагы жана (же) башка билим берүү иш-чараларындагы жетишкендиктерди (1, 2-орундарды) тастыктаган дипломдор (эгер бар болсо).

Тандоого катышууга билим берүү жөнүндө документтин орточо баллына (акыркы окуу жылындагы учурдагы аттестациясына ылайык) он баллдык шкала боюнча 7,5 баллдан төмөн (беш баллдык шкала боюнча – 4,3 баллдан төмөн) ээ болгон талапкерлер киргизилбейт .

Кыргыз тилинде түзүлгөн документтерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн орус же беларус тилдерине котормосу тиркелиши керек.

Байланыш телефону: 35 28 35

Тиркеме:
Өтүнүм.docx

 

Бөлүшүү

Комментарийлер