БЕКТУР АГАЙДЫН ИЗИ МЕНЕН

  • 31.10.2022
  • 0

Талас облусунун Кара-Буура районундагы М.Чалданбаев атындагы орто мектебинде «Бектур агай жылына» арналган кыргыз тили жана адабияты сабагынан облустук семинар болуп өттү.

БЕКТУР АГАЙДЫН ИЗИ МЕНЕН

Семинарга Таластагы шаар, райондордон кырк мугалим катышты.

Өтүлгөн сабактардын формалары: ачык сабактар, тренинг, тарбиялык саат, ийримдик иш жана «Энелер мектеби» боюнча ой ордо.

Эшигин көрүп төрүнө өт дегендей, Таластын булуң-бурчунан келген, агайдын усулдарын пайдаланып жүргөн мугалимдерди — «Бектурчулар кербенин» бул мектептин агай-эжейлери Көрөгөч Маамыттын коштоосунда тосуп алышты.

Семинарда сабак өткөн мугалимдер: Өмүралиева А., Марленова М., Жумабаева М. («Бектур Исаковдун кыргыз тилин окутуудагы усулдук ыкмалары»), Жаилова Х, («Тарбия баалуулугу. Ата-энелер үчүн тренинг»), Стамова А., Давлеталиева М., Мамырбаева З.

Аты аталган мугалимдер облустук семинарда агайдын усулдары, ыкмалары менен жогорку деңгээлдеги сабактарды көрсөтүп бере алышты.

Келген педагогдор да эң жакшы ой-пикир, сунуштарын ортого салышты. Семинар өз максатына жетип, «эң жакшы» деп бааланды.

Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С. Жарманбетовага, мектеп жамаатына жана директору Ж.Сыдыковага терең ыраазычылык билдиребиз!

Сүрөттө: Устаттык сабактан бир көрүнүш.

Салтанат Бейшенова, Талас билим берүү усулдук борборунун адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер