БЕКТУР АГАЙДАН ПЕДАГОГИКАЛЫК САРМЕРДЕН

  • 02.05.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаков агай кесиптештерин улам бир ийгиликке, өсүшкө шыктандырып келет. Устаттын кесипкөйлүк өрнөгү эле канчалык зор дем берет: ушундай иштесек, сабакты ушунчалык мазмундуу өткөрсөк болот тура деп айрыкча жаштар дилгирленет эмеспи. Жакында Агайдын демилгеси менен облустун аймагында өзгөчө мелдеш – педагогикалык сармерден болду!

БЕКТУР АГАЙДАН ПЕДАГОГИКАЛЫК САРМЕРДЕН

Сармерденде Талас жана Айтматов райондору алга озуп, бирден байгеге тай алышты. Ал эми Бакай-Ата, Манас райондоруна 12 миӊден 24 миң сом ыйгарылды. Бектур агайдын өз эсебинен мурдагы жылдары да мыкты мугалимдерге кой, торпок берилип келген.

БЕКТУР АГАЙДАН ПЕДАГОГИКАЛЫК САРМЕРДЕН

Бир жыл бою агай экөөбүз жер-жерлерге барып облустук семинарларга катышып, ачык сабак өткөндөрдүн мыктыларын тандаган элек. Эӊ мазмундуу, кызыктуу сабактары үчүн мугалимдерге төш белги, китеп ж.б. белектер ыйгарылды. Байге иретинде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин өзү жиберген автордук китептери да берилди.

БЕКТУР АГАЙДАН ПЕДАГОГИКАЛЫК САРМЕРДЕН

56 китептин, 300дөн ашуун макаланын автору, Эл мугалими Бектур Исаковдун өрнөгүн башка аймактардагы кесиптештери да колдоого алса, аларга намыстуу сүрөөнчүлөр жардам берсе, абдан жакшы болор эле.

Салтанат Бейшенова

Бөлүшүү

Комментарийлер