«БЕКТУР АГАЙ»  КЕРБЕНИ УЛАНУУДА

  • 13.04.2023
  • 0

Талас районундагы  А. Солтонов атындагы орто мектебинде  «Бектур агай»  кербенинин кезексиз  семинары болуп өттү.

"БЕКТУР АГАЙ"  КЕРБЕНИ УЛАНУУДА

Талас облустук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси  С.Бейшенованын тараткан маалыматына таянсак, семинар Бектур агайдын методикаларын жайылтуу максатында уюштурулуп, кыргыз тилчилердин сабагына  улуу устат Бектур  агай өзү күбө болду.

"БЕКТУР АГАЙ"  КЕРБЕНИ УЛАНУУДА

—  Семинарга  райондук- шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Чынара  Камбарова келип катышты.  Динара Сейдикеримова 7-класска «Байламталар» деген теманы өтүп, көргөзмө куралдарына эң жогорку  баа берилип,  облустук көргөзмөгө, ошондой эле “Бектур агай” сармерденине жолдомо алды. Ал эми Айзат Мамаханова 6-класска «Ат атооч» деген темада сабак өтүп, агайдын методикаларын мыкты колдонгондугун көрсөтүп, сабак жогорку деңгээлде деп бааланып,  ал дагы сармерденге катышууга жолдомо алды. «Таластан чыккан чыгаандар» деген аталышта таланттуу балдар менен кыргыз тили мугалими Венера Кылычбекова тарбиялык саат көргөзүп берди. Тарбиялык саат да мыкты деңгээлде өттү. Окуучулардын таланты бааланып, үч окуучу Талас райондук- шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан грамотага сунушталды. Сабак өткөн үч мугалим агайдын төш белгисине татыктуу болушту. Жалпы семинар «эң жакшы» деп бааланып, конокторубуз жакшы маанайда тарашты, — дейт С.Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер