ББЗИТИнин СТУДЕНТТЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАРМАҢКЕСИНДЕ
- 16.11.2022
- 0
Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун гуманитардык жана тил дисциплиналары кафедрасынын студенттери менен профессордук-окутуучулар курамы 15-ноябрда АКШ элчилиги тарабынан уюштурулган “Билим берүү жармаңкесине” катышты.
Иш-чарада АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Кейджи Мур, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Т.Ашымбаева сөз сүйлөп, кызыктуу маек куруп беришти. Студенттер АКШ, Европа өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларында кантип акысыз билим алууга боло тургандыгы тууралуу маалыматтарга ээ болушту.
Бөлүшүү
Комментарийлер