БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДАГЫ №52 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 04.07.2018
  • 0

2018-2019-окуу жылына  облусубуздун улан-кыздарын квалификациялуу окууга кабыл алууну жарыялайт.

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДАГЫ №52 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ТөМөНКҮ КЕСИПТЕРГЕ ДАЯРДАЙТ:

3 жылдык мөөнөт менен 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн                    

«Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» /Фермер/ кесибин  өздөштүрүү менен бирге «АВГ» категориясындагы тракторист-машинист;

-«В,В1,С,С1» категориядагы автомобиль айдоочу;

-3-разряддагы слесарь оңдоочу;

-3-разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү.

3 жылдык мөөнөт менен кесиптик билим алып бүткөндөргө орто билими жөнүндө АТТЕСТАТ жана  тиешелүү үлгүдөгү ДИПЛОМ берилет.

1 жылдык мөөнөт менен 11-класстын     бүтүрүүчүлөрү үчүн:  

— Ширетүүчү (электр жана газ менен ширетүүчү) кесибин өздөштүрүү менен бирге III разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү                                                                      «В,С,С1» категориясындагы автотранспорттук каражаттарды айдоочу;

— «Тигүү жабдууларынын оператору» /Тигүүчү/

3-разряддагы тигүү жабдууларынын  оператору;  тигүүчү.

1 жылдык мөөнөт менен кесиптик билим алып бүткөндөргө мамлекеттик үлгүдөгү ДИПЛОМ берилет.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ жумушсуз атуулдарды жана жаштарды  КОНТРАКТТЫК НЕГИЗДЕ жана  райондук ЖУМУШТУУЛУК жана МИГРАЦИЯ комитети аркылуу ТөМөНДөГҮ КЕСИПТЕРГЕ  ДАЯРДАЙТ:

3 айлык мөөнөт менен 18 жаштан жогору болгон   атуулдарды төмөнкү кесиптерге окутат:    

-3-разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү;

-3-разряддагы тигүүчү;

-2,3-разряддагы ашпозчу-кондитер;

-компьютердин оператору;

-кенже ветеринардык фельдшер;

-3-разряддагы кыш кыноочу-шыбакчы.

Кесиптик лицейге социалдык абалы  оор, тоголок, жарты жетимдер жана багар-көрөрү жок атуулдар  кабыл алынат.

ОКУУГА КИРҮҮГө ТөМөНКҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНАТ:

 

— Директордун наамына арыз

— Билими тууралуу аттестат жана 9-класстын күбөлүгү (түп нускасы)

— Медициналык аныктама (086 У)

— Жашагандыгы жана үй-бүлөсү жөнүндө аныктама (айыл округунан)

— Паспорту же туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү

— Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк

— 6 даана 3х4 өлчөмдөгү сүрөт.

БИЗДИН ДАРЕК: Жалал-Абад областы,

Базар-Коргон району, Сейдикум айылы.

Бөлүшүү

Комментарийлер