БАЙЗАК — ӨЗГӨЧӨ ЗЭЭНДҮҮ ОКУУЧУ
- 24.06.2024
- 0
Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 56 окуучунун ичинен Талас облусундагы “Манас Ата” Талас лицейинин бүтүрүүчүсү Байзак Карыпжанов 226 упай менен облусту алдыга сүрөп чыкты.
Карыпжанов Байзак аталган лицейге 7-класска кабыл алууда 100 пайыз жеңилдик менен өткөн. Өзгөчө зээндүү, кичинекейинен китепти көп окуган, жаңы маалыматты бат өздөштүргөн, тарбиясы мыкты окуучу экенин окуткан мугалимдери белгилешти.
“Олимпиадага кайсы сабак тандайсың?” дегенде биологияны тандап, көп ийгиликтерге жетишкен. Эл аралык деңгээлдеги олимпиадалардын коло, күмүш медалдарынын ээси.
ЖРТ тестине лицейден эле даярданды. Математикадан Керимканов Алмаз агайы, орус тилинен Медетова Рита эжейи окутту.
Ата-энеси убагында баланы китеп окууга өтө кызыктырган. Бул үй-бүлөдө китеп -билим булагы экенин, эң жакын досуң, дүйнө таануунун эң мыкты, эң кызыктуу жол экенин балдарына кичинекейинен көрсөтүп койгон. Ал эми бул ийгиликтерге, албетте, мугалимдер жол ачып, багыт берет. Алсак, Керимканов Алмаз агайы изденген, стандарттуу эмес ой жүгүрткөн мугалим. Окуучуларына дем берип, улам жаңы булактарды таап, кызыктырып, жарыштырып, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен тыгыз байланышып, балдарды текшерүү тесттерин улам жаздырып, даярдатып келди.
Медетова Рита да тажрыйбалуу мугалим. Окуучулары менен кошо текшерүү тесттерин жазып, талдап, ар бир теманы кайра түшүндүрүп даярдатып келгенин белгилеп кетүү парз.
Өткөн окуу жылында Байзак Республикалык олимпиаданын төртүнчү турунда биринчи орунду багындырган. Быйыл Улуттук олимпиаданын жеңүүчүсү болду.
Баса, эң жогорку 234 упайды “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу Эльнура Эркинбекова алды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер