БАУГА БАРСАҢ, ТИЛДИ ДА, ДИЛДИ ДА ҮЙРӨНӨСҮҢ

  • 20.02.2020
  • 0

Алыскы Нарын калаасынын койнунда жайгашкан Борбордук Азия университетинде өткөн ачык эшик күнүндө болочок кесип тандоо алдында турган жаштар, ата-энелер жана ЖМК өкүлдөрү окуу жай менен жакындан таанышып кайтышты.

Сапарыбыздын сааты чыгып Нарын калаасына бараттык. Андагы Борбордук Азия университети менен жеринен таанышып, туз буйруп калса, ошол жерден билим алабызбы деген ниетте чогулган жаштар, кээ бир ата-энелер болуп үч автобус адамды таңкы Бишкек бурганактап жааган кары менен узатып калды. Бул жакта эле суук ушунча болсо, тоолуу Нарында аба ырайы кандай болду экен деп, ичинен түпөйүл тарта терезеге тигилген жүргүнчүлөр Боомдон чыга бергенде, чакыйып тийген күндү көрүп жандана түштү. Кыш акыркы күчүн салып, канчалык каарданса да, босогого баш багып калган жаздын илебине сынып, көз алдыбызда эрип жатты…

Ошентип биз жолду карай терезеден бир жерде кол булгалап коштошуп жаткан кышты карап, бир жерде жаздан салам айтып жадыраган күндүн нуруна көөшүлүп, кыш менен жазды айыгышкан кармашына күбө боло, көкүрөгүбүздү алдыдагы көрө элек кереметтүү көз ирмемдер ээлеп, жумшак, жылуу автобуста термелип тоолорго оронгон Нарынга кирип бардык.

Ар улуттун тамак-ашка табити да ар башка

БАУнун гуманитардык жана так илимдер мектебинин деканы Диана Пауна келген меймандар менен жылуу учурашып, БАУнун Нарындагы кампусу жөнүндө кыскача маалымат берди. Андан соң окуу жайы менен таанышуу сессияларга бөлүнгөн топтордо уланды.

Жылуу, кенен далистен туш тарапка тараган каалгалардын улам бирин кызыгуу менен ачкан жаштар анын ичиндеги окуу процессинин жүрүшүнө, жасалгаларына көз жүгүртүшүп, үч кабаттуу окуу жайды аралап, тез эле тарап кетишти. Узак жолдон чаалыгып келгендер чай ичип, биртике дем алышсын деген максатта кеңири жайылган дасторкондон наар сызгыча, анда иштеген ашпозчулар менен баарлаша кеттик. Окуу болобу, иш болобу, оболу курсакты тойгузуу камын көрүп, кыргыздын меймандостугун бекем тутунушкан жамааттын көрсөткөн ызаатына ыраазы болдук. Окуу жай жаңы ачылгандан тарта ушул жерде иштеп келаткан башкы ашпозчу Төлөгөн Турсунбаевдин мейман тосуу камында ашыгып жүргөнүн көрүп, анын тынчын алгыбыз келбей, ашкананын администратору Гүлназ Муратбекованы кепке тарттык. Гүлназдын айтымында, бул эл аралык окуу жайда ар кайсы өлкөлөрдөн келишкен студенттер окугандыктан, алардын табити да ар кандай. Мисалы, Пакистандан келгендер бир аз ачуураак азыктарды жегилери келсе, тажиктер кыргыздардыкына көбүрөөк окшош тамак-аштарга басым жасашат. Алар айрыкча, “шир чой” ичкенди жакшы көрүшөт дейт Гүлназ.

БАУГА БАРСАҢ, ТИЛДИ ДА, ДИЛДИ ДА ҮЙРӨНӨСҮҢ

– “Шир чой” деген — кызыл-кызыл демделген сүт чай, же болбосо бизче айтканда, кемпир чайды түшүнсө болот. Америка, Канададан келгендердин табиттери башкачараак, алардын арасында мисалы, вегетариандар да бар. Студенттер жана окутуучулар үч маал ысык тамак жана эки жолу шам-шум ичишет. Жалпы студенттер, мугалим жана тейлөө кызматындагылар болуп күнүнө 200-250 адамды тейлейбиз. Азык-түлүктөрдү Бишкек жана жергиликтүү базарлардан алабыз. Жаштар айрыкча фаст-фуддарды жакшы көрүшөт. Бирок биз алардын ден соолугуна карап, дайыма жасап бере албасак да, жумасына бир-эки жолу пицца, бургерлерди жасап беребиз. Эртең менен кечинде каллорийлери азыраак азыктарды даярдасак, түштө күчтөнтөбүз. Айтор, витаминдүү жашылча-жемиш, көк-сөктөрдү көбүрөөк кошуп, баарынын табитине жараша даярдап бергенге аракеттенебиз,-дейт Гүлназ айым.

11-класстын окуучулары Жолбунов Азамат жана Кутман Мукарапов Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы Сапат” мектебинен келишти. Азамат — Жети-Өгүз районундагы Саруу айлынан, ал эми анын классташы Кутман — Ысык-Көл районундагы Баетов айылынан болот. Азамат англис тилин ынтызарланып окуса, Кутмандын жакшы көргөн сабагы – математика, ошондонбу, ал келечекте IT адиси болгусу келет.

— Негизи эле чет өлкөлөрдөгү окуу жайларга өтүүнү көздөп жатабыз. Кокустан ал жакка өтпөй калсак, өзүбүздөгү окуу жайларды байкаштырып көрөлү деп атайын келгенбиз. Бул жактын окуу жана жашоо шарттары бизге аябай жакты. Студенттер үчүн жакшы шарттар түзүлүптүр, алар эки жакка чыгып алаксыбай, бир жерден билим алышат. Жатаканасы да заманбап жабдылыптыр. Келгендердин баары эле жактырып жатышат. Менимче, бул жерде окуш үчүн мыкты даярданып келиш керек. Анан албетте, каржы маселеси да болочокто кайсы жактан окуй турганыбызга таасирин тийгизет го деп ойлойбуз,-дешти экөө биринин оюн бири толуктап.

Азамат менен Кутман айтмакчы, албетте кайсы окуу жай болбосун, биринчи билим деңгээлине көңүл бурулаары анык. Андыктан өтө тырышып окуу керек. Бала мектептен  кайсы предметке көбүрөөк кызыгып окуса, ошол багытта кесип тандаганга ыктайт эмеспи.

БАУ – маданий мамилелерди бекемдеген көпүрө

Борбордук Азия Университетинин коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү Акылбек Чымырбаевдин айтымында, социалдык, экономикалык жана маданий багытта иш алып барган Ага Хан өнүктүрүү уюмунун негизги максаты – билим берүүгө инвестициялоо болуп эсептелет.

Учурда бул окуу жайда 138 студент билим алат. Анын ичинен 55 студент – Кыргызстандан, 20 студент – Нарын облусунан. 30га жакын окутуучулардын ичинен 10го жакыны жергиликтүүлөр.

БАУГА БАРСАҢ, ТИЛДИ ДА, ДИЛДИ ДА ҮЙРӨНӨСҮҢ

Акылбек Нарын мамлекеттик университетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Ал адегенде кыргыз тили курсунда сабак берип, беш ай иштеген. БАУда кыргыз тили азырынча курс деңгээлинде өтүлөт. Курста эки тайпа бар, биринчиси — Кыргызстандан келген студенттер үчүн, экинчи тайпа Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Пакистан, Афганистан, АКШ, Кения ж.б. келген студенттерге арналат. Алар кыргыз тилин ара-чолодо базарларга жана башка коомдук жайларга барып калганда иш жүзүндө бекемдегенге аракеттенишет.

БАУнун Кыргызстан, тагыраагы, Нарын шаары менен коомчулук байланышын бекемдеп, көпүрө катары кызмат өтөө милдетин аркалаган Акылбек Чымырбаевдин айтымында, Борбордук Азия университетинде окутулган Орто Азиядагы маданий мурастар деген предметтин максаты – балдарга кыргыз, казак, тажик элдеринин каада-салттарын тереңдетип үйрөтүүгө арналган.

— Биздин студенттердин эң башкы артыкчылыгы Кыргызстанды, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын англис тилинде даңазалашат. Студенттердин теория жүзүндө өткөн окуу программаларын бекемдөө максатында жыл сайын манасчыларды, төкмөлөрдү чакырабыз. Акындык, төкмөлүк, манас айтуу сыяктуу кыргыздын кайталангыс өзгөчөлүктөрүн угушканда биздин жергиликтүү балдар чет өлкөлүк студенттердин алдында аябай сыймыктанышат.

Мен сабактардан тышкары студенттер менен баарлашууларды жакшы көрөм. Биздин студенттер кыргыз тарыхына басым жасашып, кыргыздын каада-салттарын окуганды жакшы көрүшөт. Мисалы, былтыр ноябрь айында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты деген темада эмне үчүн кошок кошуу, эмне үчүн өкүрөт деген салттарды талдадык. Бул кылым карыткан каада-салттар. Тоонун булагы кандай жанчылып, мезгил сынына туруктуулук кылып жышылып, жешилип келгендей, биздин каада-салттар да ошондой узак жол басып, жоголбой бизге жеткенин баса белгилейбиз,-дейт Акылбек Чымырбаев.

БАУГА БАРСАҢ, ТИЛДИ ДА, ДИЛДИ ДА ҮЙРӨНӨСҮҢ

БАУнун чет өлкөдөн келген студенттери ошол чөлкөмдө өткөн маданий-массалык иш-чаралардын дээрлик баарына жигердүү катышууга аракеттенишет. Алсак, жакында эле белгиленген Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык-музыкалык драмтеатрынын 80 жылдыгында Пакистандан келген студенттер улуттук аспабында ойноп беришти. Т.Усубалиевдин 100 жылдыгында өткөн мааракеде АКШдан келген тарых сабагынын мугалими Ребекка Рамзай кыргыз тилинде чакан доклад жасады. Бул дагы жакшы саамалыктардын бири.

Окуу жайда жергиликтүү жана башка элдин каада-салттарын, үрп-адаттарын жакындан үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү максатында, жатаканага бир чет өлкө жаранын жана бир жергиликтүү жаранды жанаша жайгаштырышат.

БАУдан бүркүттөр учуп чыксын!

Биз БАУнун Нарындагы кампусунун 12 пайызын гана көрүп жатканыбызды, калган 88 пайызы келечекте үч этап менен куруларын айткан Акылбек мырзанын маалыматы бизди бир чети таң калтырса, бир чети кубандырды. Кампустун курулушунун биринчи фазасында 150 орундуу жатакана, 75 окуу бөлмөсү курулган.

Тил менен маданиятты маданий иш-чаралар аркылуу үйрөтүп жайылтууга болорун айткан Акылбек мырза, БАУда билим алып жаткан студенттер Нарындын жаштары менен бирге бир нече долбоордун алкагында иш алып барышаарын белгилеп өттү.

— Кампустан чыкпай билим алууга бардык шарттар түзүлгөн студенттердин окуу процесси эртең мененки саат 9дан кечки 18ге чейин созулат. Окуудан чарчаганда ортодо алар үчүн эки жолу жеңил шам-шум уюштурулат, андан тышкары, үч маал ысык тамагы бар. Студенттик бөлүмдө төрт тарбиячы, андан тышкары, коопсуздук кызматы иштейт. Алар алыстан ат арытып келген студенттердин тоо арасындагы билим алуусунун коопсуз жана пайдалуу болушуна кам көрүшөт. Эгерде байкаган болсоңуздар, корпус ичин жасалгалоодо кыргыздын нукура баалуулуктары камтылган көрүнүштөр арбын. Алардын бири — өзүңүздөр көрүп турган кадимки бүркүт. Мен адатта билим уясынан бүркүттөр учуп чыксын деп тилек кылам,-деди Акылбек мырза сыймыктана.

Анын айтымында, БАУнун студенттери жаз алды менен Нарын шаарындагы Панораманы көрктөндүрүп, айланасын тазалап турушат. Ал жакты жашылдандыргандан тышкары, теребелди дүрбү менен карап, көңүлдүү эс алууга бардык шарттарын түзүп беришкен. Анткени ал жерге жаштар үйлөнүү үлпөтүндө кыдырып чыкканды жакшы көрүшөт.

Эс алуу жайы демекчи, 2016-жылы Ага Хан Траст уюму Нарын шаарындагы Сейитаалы Жакыпов атындагы парктын оңдоп-түзөө иштерине 1 млн 200 миң доллар жумшап, жаштардын сүйүктүү жайына айландырган. Ал жерде спорттук мелдештер, көңүл ачуучу жана башка коомдук иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат. Парктын ичинде Wi-Fi орнотулуп, каалоочулар чектөөсү жок акысыз интернет менен камсыз болушат.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер