БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИ ОШМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 29.10.2019
  • 0

Чехиянын Батыш Чех университетинин ректору, профессор Мирослав Холечех баштаган делегация  28-октябрда ОшМУга иш сапары менен келишти. Делегациянын курамында Батыш Чех университетинин искусство факультетинин деканы Давид Щанс жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, эл аралык мобилдүүлүк боюнча координатору Мартина Полижилова бар.

БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИ ОШМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Алгач ректор Мирослав Холечех баштаган делагия ОшМУнун музейи менен таанышып, университеттин  проректору Замирбек Божонов, эл аралык байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев, ОшМУ менен Батыш Чех университенин байланыштарынын чыңдалышына өз салымын кошуп келе жаткан ОшМУнун доценти Эрлан Камаловдор менен жолугуп, өз ара байланыштар, алдыдагы кызматташуунун перспективалары боюнча пикир алышышты.

ОшМУнун  окуу иштери боюнча проректору, ректордун убактылуу м.а., Замирбек Божонов университеттин 80 жылдык тарыхы, билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар багытында жүргүзүп жаткан иштери менен тааныштырды. Ошондой эле Батыш Чех университети ОшМУнун ишенимдүү өнөктөшү катары 2016-жылдан бери тыгыз кызматташтыкта келе жаткандыгын айтты. Бул арылыкта эки университеттин бир топ окутуучулары, студенттери, магистранттары өз ара келишимдердин алкагында тажрыйба алмашып келе жаткандыгын белгиледи.

Ал эми Батыш Чех университетинин ректору Мирослав Холечех да ОшМУга иш сапары менен келгендигине кубанычта экендигин билдирип, буга чейин ОшМУнун эл аралык мамилелер, тарых факультеттери менен кызматташып келе жатса, мындан ары башка факультеттер менен кызматташтыктарды жандантып, ал эми аткарылып келе жаткан кызматташтыктарды тереңдетүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Аталган делегация ОшМУда бир жума аралыгында болушат. Бул аралыкта делегация университет менен жакындан таанышып, факультеттердин жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, студенттер менен жолугушуп, конок лекцияларды өтүшөт. Жыйынтыгында алдыдагы өз ара кызматташтыктарды бекемдеген келишимдерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Semestral Programme “Europe in International Relations” программасынын долбоорунун алкагында ОшМУнун 4 студенти, 1 магистранты сентябрда Батыш Чех университетинде 1 семестр окууга жөнөп кетишкен. Алардын окуу, жатаканасы акысыз жана ай сайын 5000 чех кронасы өлчөмүндөгү стипендия алышат.

Учурда Батыш Чех университетинин 11 студенти ОшМУда билим алып жатышса, 4-ноябрда ОшМУнун 11 студенти да стажировкадан өтүп келүү үчүн Чехияга жөнөп жатышат, ошондой эле тарых факультетинин 5 окутуучусу да тажрыйба алмашууга аттанышууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер