БАТЫРАЛИ СЫДЫКОВДУН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 31.10.2019
  • 0

29-октябрда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, атайын жана  ыйгарым  укуктуу элчиси, философия илимдеринин доктору, профессор Батырали Сыдыковдун 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык  илимий-практикалык конференция  өттү.

Иш-чарада Батырали Сыдыковдун ысымы окуу жайдын  айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы  кафедрасына ыйгарылды.  Окуу жайдын ректору Р.Нургазиев “Мамлекеттик ишмер жана окумуштуу — Батырали Сыдыков”, тарых жана философия кафедрасынын башчысы Ө.Осмонов “Коомдук ишмер жана философ” аттуу илимий баяндамаларды   жасашты. Соңунда окутуучулардын жана  студенттердин күчү менен даярдалган концерт тартууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер