БАТМУДА ЖАШАП ЖАТКАНДАРГА ПСИХОЛОГДОР КЕРЕК

  • 19.09.2022
  • 0

Тажикстандын кол салуусунан улам чек арага жакын айылдардан эвакуацияланган үч жүздөн ашуун адам Баткен мамлекеттик университетинин  колледжеринде жашап жатат.

  • Көп тармактуу колледжде Аксай айылынан качып келген эки жүздөн ашуун киши жашап жатса, Сүлүктү педагогикалык колледжинде элүү, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунда элүү эки киши жашап жатат. Аларды биз эч нерседен кем кылбай элебиз. Үч маал тамак берилип, кийим кече менен камсыздап жатабыз. Азыр бизге кесипкөй психологдор гана керек болуп турат. Анткени алардын арасында  бир заматта экиден, үчтөн жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр бар. Коркуп калган балдар түнкүсүн жакшы уктабай жатышат, — дейт окуу жайдын ректору Гыязов Айдар.

Жетекчинин айтымында, Баткен мамлекеттик университетинин төрт окутуучусу үй-жайсыз калды. Алардын үйү толугу менен күйүп кеткен.

  • Достук, Аксай айылындагы биздин кесиптештердин үйлөрү толук күйүп кеткен. Алардын үй-бүлөсү эл менен кошо Айдаркенге, Кызыл-Кыяга, Караванга эвакуацияланган. Өздөрү болсо үй-жайсыз калдым деп мүңкүрөбөстөн үч күндөн бери биз менен кошо тамак-аш даярдап чуркап жүрүшөт. Алдын ала маалымат боюнча ондон ашуун студентибиздин үй-жайы өрттөлгөн. Былтыр дагы ушундай болгондо үй-жайы өрттөлгөн, жакындарын жоготкон студенттерди жүз пайыз окуу төлөмүнөн бошотконбуз. Эми абал турукташып, жергиликтүү эл үйлөрүнө каткандан кийин бул боюнча толук маалымат беребиз, — дейт ректор.

Бүгүн эртең менен эрте Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогорку окуу жайлардын жетекчилерине жыйын өткөрүлүп, тездик менен окуу жайларда иштеген психологдордун тобу түзүлүп, качкындар жашап жаткан пункттарга жиберүү боюнча тапшырма берилди.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер