БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА БЕШ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

  • 15.08.2023
  • 0

Лейлек районундагы Борбордук жана Максат орто мектептери капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн. Баткенде беш мектеп жана эки кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилет.

БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА БЕШ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

Маалыматка ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилүүчү билим берүү мекемелеринен кабар алган. Ал мектептердин курулушунун сапатын, айлана-чөйрөсүн иретке келтирүү, көрктөндүрүү, окуу эмеректер менен камсыздоо, таза суу, сугат суу, электр энергиясына туташтыруу иштерин текшерген.

Пайдаланууга берилчү объектилер:

Баткен районунун Орто-Боз айылындагы Ж. Момунов атындагы орто мектеби;

Кыштут айылындагы Кыштут орто мектеби;

Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин кошумча имараты;

Кызыл-Бел айылындагы Масалиев орто мектебинин кошумча имараты;

Достук айылындагы Достук орто мектеби;

Көк-Таш айылындагы Көк-Таш башталгыч мектеби;

Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы мектеби;

Мындан сырткары, Лейлек районундагы Борбордук жана Максат орто мектептери капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Ошондой эле Баткен районунун Көк-Таш айылында Учкун балдар бакчасы, Ак-Сай айылындагы Эделвейс балдар бакчасы жана Достук айылындагы Бөбөктай балдар бакчалары пайдаланууга берилет.

Учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүүдө. Анын 25и мектеп, тогузу балдар бакчасы.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер