Баткенде социалдык дүкөн ачылды
- 25.09.2023
- 0
Баткенде азык-түлүктү бекер берген социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, мындай дүкөн ачууну Орусияда жана АКШда жашап, иштеген мекендештер сунуштаган. Алар ай сайын керектүү азык-түлүк сатып алуу үчүн акча которушат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлөт, азык-түлүк бекер таратылат.
Дүкөндүн аталышы «Элден элге» деп аталат. Ал Баткен шаарынын Самат Сыдыков көчөсүндө жайгашкан жана дүйшөмбү, шейшемби, жума, ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт.
Бөлүшүү
Комментарийлер