БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАДА КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРДИН ЫСЫМЫ НАРЫНДАГЫ СКВЕРГЕ БЕРИЛДИ

  • 14.07.2023
  • 0

2022-жылдын сентябрында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон «Бөрү» атайын чек ара кызматынын кызматкери Нурсултан Жаныбековдун ысымы Нарындагы скверге ыйгарылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жоокердин ысымы коюлган Мазар булак аймагындагы сквердин айланасын туугандары жарыктандырып берет.

Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугушуп, 50 миң сом тапшырган. Учурда аталган сквер республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен реконструкцияланып жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер