БАТКЕН ЖАНА ОШ ОБЛУСТАРЫНЫН ЧЕК АРА РАЙОНДОРУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ИШИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  • 19.09.2022
  • 0

 

2022-жылдын 19-сентябры саат 10:00гө алынган маалымат боюнча Баткен шаарындагы билим берүү уюмдары иштеген жок. Бардык билим берүү уюмдарынын ичинен “Таң шоола” жеке менчик бала бакчасы гана жабыркаган.

Баткен районундагы 54 мектепте жана 48 бала бакчада сабактар ​​убактылуу токтотулду. Төрт мектепке жана алты бала бакчага элдер жайгаштырылган. Сегиз мектеп жана үч бала бакча жабыркаган.  Учурда комиссия келтирилген чыгымды тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүн Кадамжай районунда “Семетей” лицейинен башка бардык мектептерде сабактар башталды. “Семетей” лицейинде эртең сабактар ​​башталышы үчүн бүгүн бошотулуп жатат. “Кан” — 113 адам, “Солнышко” — 125 адам, “Эдельвейс Гүлү” — 120 адам, “Сумая” жеке бала бакчасы — 70 адам, “Аруу” — 65 адам, “Ажар” — 45 адам бала бакчаларга жайгаштырылды. Бүгүн тургундар жашаган жерине кайтып келе башташты. Мектептер жана бала бакчалар жабыркаган эмес.

Сүлүктү шаарында тогуз мектептин жетисинде окуулар башталды. Кольцо айылындагы мектеп Таджикстан менен чек арага жакын жайгашкандыктан сабактар баштала элек. Лейлектеги №4 орто мектебинде сабактар эртең башталат. Ал эми бала бакчалар иштеп баштады.

Бүгүн Чоң-Алай районундагы 17 мектептин 12синде, 23 бала бакчанын 17синде окуулар башталды.

Эвакуация болгон беш мектеп жана алты бала бакчада окуу эртең башталат. Жабыркаган имарат жок. Мектептерде жана бала бакчаларда убактылуу жайгаштырылган адамдар жок.

Бөлүшүү

Комментарийлер