БАТКЕН: ЖАҢЫ АЙЫЛГА ЖАҢЫ МЕКТЕП

  • 05.08.2026
  • 0

Жаңы-Достук – Баткен облусундагы чек арадан көчүрүлүп, жаңы түптөлгөн айыл. Бул айылда азыркы учурда заманбап шарты бар жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектиде курулуш-монтаждоо иштеринин 45 пайызы аткарылды. БАТКЕН: ЖАҢЫ АЙЫЛГА ЖАҢЫ МЕКТЕПАталган билим берүү мекемеси 225 окуучуга ылайыкталган. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 197 миллион сомду түзөт. Эске салсак, курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган.

Долбоорго ылайык, мектеп төрт блоктон турган эки кабаттуу заманбап имарат болот. Имараттын жалпы аянты 3 081 чарчы метрди түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер