БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ №57 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 30.04.2026
  • 0

2026-2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт !

Урматтуу абитуриент “Онлайн Абитуриент” 2020.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу кабыл алабыз!

№ 57 Кесиптик лицейи: Бюджеттик негизде

  1. 9-класстын базасында:
  • Жыгач уста, жыгаччылык;
  • Тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү;
  • Системалык администратор (компьютердик сабаттуулук) кесиптери боюнча кабыл алынат.

Окуу мөөнөтү – 2 жыл. Жакшы окугандарга стипендия төлөнөт. Акысыз ысык тамак менен камсыз кылынат. Окууну аяктагандан кийин аттестат жана диплом берилет.

Акысыз жатакана менен камсыз болот.

  1. 11-класстын базасында:
  • Тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү;
  • Жыгач уста, эмерек өндүрүшүнүн устаты.

Окуу мөөнөтү – 10 ай. Жакшы окугандарга стипендия төлөнөт. Алыстан келип окугандар акысыз жатакана менен камсыз кылынат. Окууну аяктаган соң диплом берилет.

18 жаштан 35 жашка чейинки жаштарды кабыл алат.

Окууга тапшыруу үчүн
төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Директордун наамына арыз;
  2. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  3. ОМС копия;
  4. Билими тууралуу документ (аттестат же күбөлүктүн түп нускасы);

5 . Өмүр баян;

  1. 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
  2. 0-86 У формасындагы медициналык справка;
  3. Жашаган жеринен справка;
  4. 1 даана файл, конверт;

10 . Ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү;

  1. Аскердик билет же аскерге каттоо баракчасы.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр жана заманга ылайык кесипке ээ болууну каалагандар!

Биздин окуу жайга келип окугула, кесипке ээ болгула!

Окуу жайда билим, кесип алуу үчүн толук шарт түзүлгөн. Окуу кабинеттери азыркы талапка ылайык жабдылган, компьютердик класс иштейт. Цехтердеги жыгач станоктору, тигүүчү машиналары толук кубаттуулукта иштетилет. Спорт аянтчасы, китепкана, окуу залы бар. Жатаканада жашоо, сабакка даярдануу жана эс алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Кыска мөөнөттүү кесиптерге төмөнкү адистиктерди даярдайт:

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ №57 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • Электрширетүүчү, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  • Ашпозчу, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  • «С »категориясындагы автомобиль айдоочу, окуу мөөнөтү – 10 ай;
  • «В» категориясындагы автомобиль айдоочу, окуу мөөнөтү – 10 ай;
  • Жеке компьютердин оператору, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  • Тигүүчү, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  • Өсүмдүк өстүрүүчү, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  • Кенже ветеринардык фельдшер, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  • Чачтарач, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  • Жыгач уста, окуу мөөнөтү – 3 ай.

Окууну бүткөндөргө тиешелүү үлгүдөгү сертификат берилет.

Биздин дарек:

Баткен шаары, Салихов көчөсү, 12.

Кабыл алуу комиссиясы.

0770-434-610, 0503-611-006

Эл.почта 57kl1 @inbox.ru

 

Лицензия №LS220001462

Лиценция №LS180001443

Сертификат №VS220001045

Бөлүшүү

Комментарийлер