Баткен районунда футбол аянтчасы ачылды

  • 09.08.2023
  • 0

Баткен районунун Зарташ айылында жаңы футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аянтчанын ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев баштаган жетекчилер, айыл тургундары катышты.

Зарташ айылында буга чейин спорт аянтчасы же мектепте спорт залы жок болгондуктан, спорттук иш-чараларды өткөрүүдө ыңгайсыздыктар жаралып келген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер