БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖАШ ПРОГРАММИСТТЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК “АЛТЫН ТҮЙҮН” ХАКАТОНУНДА МЫКТЫ АТАЛДЫ

  • 09.11.2022
  • 0

2022-жылдын 1-ноябрынан 4-ноябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы Кыргызстандын окуучулары арасында биринчи жолу республикалык хакатон өткөрдү.

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖАШ ПРОГРАММИСТТЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК “АЛТЫН ТҮЙҮН” ХАКАТОНУНДА МЫКТЫ АТАЛДЫ

Анын максаты — бүгүнкү күндө суроо-талапка ээ болгон кесиптердин бири катары IT багытында Кыргыз Республикасынын балдарынын жана жаштарынын маалыматтык сабаттуулугун, алгоритмдөө, программалоо жана кесипке багыттоо көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.

Хакатонго Кыргызстандын ар кайсы облусунан 14-17 жаштагы окуучулар катышты. Алар сунушталган маалыматтардын негизинде аналитикалык тапшырмалардын аткарылышын иштеп чыгып, презентациялашты.

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖАШ ПРОГРАММИСТТЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК “АЛТЫН ТҮЙҮН” ХАКАТОНУНДА МЫКТЫ АТАЛДЫ

Жыйынтыгында жеңүүчү аталгандар:

I орун — Баткен облусунун курамасы (Ахмадов Шахзод, Кудайбердиев Кудайберген, Азимбеков Умарбек, Джамалидинов Мурадыл жана Джамалидинова Элянора);

II орун — Ош шаарынын курамасы (Малаканов Кубаныч, Эркинов Амантур, Нурматов Абдулхаким, Кутмидинов Жуманазар, Мадумаров Абдулазиз);

III орун — Ысык-Көл облусунун курамасы (Беккариев Бекмырза, Бектемиров Азамат, Журсунов Арсен, Юсупов Саид жана Юсупов Фикрат) жана “Алтын түйүн” УБИТА курамасы (Олейников Владимир, Мелихов Евгений, Старых Петр, Туракунов Исмаил жана Мустафин Даниэль).

Жеңүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдору жана медалдары менен сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер