БАТКЕН ОБЛУСУНУН МАРГУН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

  • 01.04.2022
  • 0

Бүгүн, 1-апрелде Берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Өзбекстан Республикасынын эл агартуу министри Бахтиёр Саидов Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылындагы Мурзабек Баетов атындагы орто мектептин жаңы имаратын ачышты.

БАТКЕН ОБЛУСУНУН МАРГУН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Ачылыш азем Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун катышуусунда болуп өттү. Эки мамлекеттин өкмөт башчылары видео-конференц-байланыш  режиминде салтанаттуу жыйындын катышуучуларын куттукташты. Андан соң министрлер Алмазбек Бейшеналиев менен Бахтиёр Саидов жаңы имараттын лентасын чогуу кесишти.

БАТКЕН ОБЛУСУНУН МАРГУН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Бүгүнкү күндө бул мектепте 40 мугалим иштеп, 559 окуучу билим алып келет.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык, өзбек тарап өз каражаттарынын эсебинен Лейлек районунун Маргун айылында жана Баткен районунун Самаркандек айылында жалпы билим берүүчү мектептерди куруп жана жабдып берүүнү убадалаган.

БАТКЕН ОБЛУСУНУН МАРГУН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

330 орундуу жаңы имараттын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Имараттын жалпы сметалык баасы 3,5 млн АКШ долларын түзгөн. Аны Өзбекстан Республикасы каржылаган.

БАТКЕН ОБЛУСУНУН МАРГУН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер