БАТКЕН ОБЛУСУНАН 293 БАЛА ЫСЫК-КӨЛГӨ ЭС АЛУУГА ЖӨНӨТҮЛДҮ

  • 24.07.2023
  • 0

23-июлда Баткен облусунан Ысык-Көлгө эс алууга 293 бала жөнөтүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдарды узатууга президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.

«Балдардын эс алуусу акыркы чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдарын, багуучусунан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуунун мыктыларын ар тараптуу колдоо макстында мамлекет тарабынан уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Окуучуларды 17 мугалим, 2 милиция кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 айдоочу коштоп кетти. Балдар 10 күн бою Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-балалык” ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер