БАТКЕН ОБЛУСУ: ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ДИРЕКТОРЛОРУ ОКУТУУДАН ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

  • 29.04.2023
  • 0

Бүгүн, 29-апрелде, Баткен облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк окутуу башталды.

БАТКЕН ОБЛУСУ: ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ДИРЕКТОРЛОРУ ОКУТУУДАН ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Окутууга Баткен облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын 200дөн ашуун мектеп директору, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, усулдук борборлордун адистери катышууда.

Окутуунун ачылыш аземинде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов сөз сүйлөдү.

Каныбек Иманалиев өз сөзүндө педагогдордун үй-бүлөсүндө чоңойгон атуул катары бул системанын күңгөй-тескейин жакшы билерин, ар бир облуска педагогдордун кемчиликтерин издеп, сынга алып, жазалоо үчүн эмес, мугалимдин кадыр-баркын көтөрүп, педагогдорду коргоо үчүн билим сапарына аттанганын билдирди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев мындай иш-чаралардын өткөрүлүүсү билим тармагы үчүн жаңычылдык экенин, бул окутуудан алган билимин мектеп директорлору өз ишмердүүлүгүндө активдүү колдонорун белгиледи.

Ал эми Гапыр Мадаминов мындай жолугушууларда мурда мектеп директорунун дарегине сын гана айтылып, тапшырмалар менен кетип калып жүрсө, бул жолкусунда алар окутулуп жатканын, бул жакшы көрсөткүч экенин билдирип, министрдин жоопкерчиликтүү ишине ийгилик, окутуу процессиндеги мыкты натыйжаларды каалады.

Маалымат үчүн:
Окутуунун жүрүшүндө натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары, тармактагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы, жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары, жалпы республикалык тестке даярдануу ж.б. темаларда презентациялар жасалат.

Презентация жасай турган тренерлердин арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Баткен облусундагы 3-эксперименталдык гимназиянын автору – Гапыр Мадаминов, КББАнын вице-президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент — Айнагүл Ниязова, Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун баалоо боюнча координатору — Мира Мыкыева, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору — Чынара Батракеева, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Педогогика, психология жана социалдык-гуманитардык билим берүү кафедрасынын доценти, Юридика илимдеринин кандидаты Чолпонбай Карынов ж.б. бар.

Ошондой эле катышуучулар топторго бөлүнүп, математикалык, табигый-илимий, окуп-түшүнүү жана санариптик сабаттуулук темаларынын үстүндө иш алып барышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер