БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

  • 18.05.2021
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун жалпы жамааты, тарбиялануучулары баткендиктерге азыркыга чейин гуманитардык жардамдарды жөнөтүп жатышат.

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

БАТКЕН: БАЛДАР БАЛДАРГА

— Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин ондогон турак үйлөр кыйрап, мектептер, бала бакчалар өрттөлбөдүбү. Эч бир күнөөсү жок 12 жаштагы окуучу Мадина агрессордун минометунан көз жумду. Беш жаштагы наристечи? Ал эми канчалаган жаш балдар ата-энелери менен тоону көздөй качып баратканда, алардын жан дүйнөсү​ жабыркаган жок деп ким кепилдик берет? Биздин тарбиялануучулар тээ 2019-жылкы жаңжалда да сыртта калбай колунан келген жардамдарын беришкен эле. Белгилүү алып баруучу, журналист Ассоль Молдокматова менен бирге айрым үлгүлүү ансамблдерибиз жерине барып, чек арачыларды колдоо максатында концерт берип, өздөрү чогулткан кийим-кечектерди мектептерге алып барып, таратып беришкен болчу. Бул жолу дагы баткендиктерге жалпы жамаат бир күндүк эмгек акыбызды, т.а. 36000 сомду котордук. Андан сырткары балдарга керектүү кийим-кече, тамак-аш, төшөк жөнөттүк. “Сейтек” борборундагы ар бир ансамблдин жетекчилери, тарбиялануучулары, ата-энелери кайдигер карашкан жок. Биздин жардам “Балдардан балдарга” деп аталат. “Ак Шоола” театрлаштырылган балдардын хор ансамбли бир тоннага чукул тамак-аш жөнөтүштү. Коңшуларды эч ким тандабайт. Эки өлкө тең эч  жакка көчүп кеталбайт. Болгону кылымдар бою келаткан достугубузду, ынтымагыбызды мындан ары бекемдеп, тарбиялануучуларыбызга туура жол көрсөтүп, таалим-тарбия берүүбүз зарыл, — дейт борбордун директору С.Челпакова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер