АТ-БАШЫНЫН ЭҢ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ АНЫКТАЛДЫ

  • 14.02.2020
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Ат-Башы районундагы  Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде  «Жыл мугалими 2020» кароо-сынагы өттү. Иш-чаранын өтүшүнө демөөрчүлөр жардам көрсөтүп, китеп, Алматы шаарына эки күндүк эс алууга эки  жолдомо, ноутбук, акчалай сыйлыктарды беришкен.

АТ-БАШЫНЫН ЭҢ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ АНЫКТАЛДЫ

  • Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен 2019-жылы сынак Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинде өтүп, эстафета катары Ак-Жар айылындагы Жаналы уулу Абдыракман орто мектебине берилген. Ар бир мектеп демөөрчүлөрдү өздөрү табышкан. Кийинки жылга эстафета Кызыл-Туу айылындагы Калкан Керималиев атындагы орто мектебине тапшырылды, — дейт Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов.
  • АТ-БАШЫНЫН ЭҢ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ АНЫКТАЛДЫ

Сынактын негизги максаттары жана милдеттери: чыгармачыл, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү;  мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көрсөтүү, коомдук аң-сезимде мугалимдин позитивдүү образын түзүү; мектепте мыкты мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларын, алдыңкы идеяларын жайылтуу; чыгармачылык өсүүгө жана азыркы педагогикалык коомчулукта педагогдорду даярдоо үчүн мотивациялоочу катмарды түзүү;  мугалимдик кесиптин кызыктуулугун арттырууга көмөк көрсөтүү, кошумча дем берүү.

Баш байгени жана «Чыгаан мугалим — 2020» номинациясын  Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Индира Эсенгулова утуп алды. Ал Lenovo маркасындагы ноутбук жана грамота менен сыйланды. 1-орунга жана «Чыгармачыл мугалим — 2020» номинациясына А.Искендеров атындагы орто мектебинин география мугалими Айнура Исабаева чыкты. Ал Canon маркасындагы принтер жана грамота менен сыйланды. 2-орунга жана «Эң мыкты пландаштырылган сабак» номинациясына Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин мугалими Элнура Үсөнова татыктуу болду. Ал Samsung маркасындагы планшет жана грамота менен сыйланды. 3-орун жана «Эң мыкты методиканын ээси» номинациясы — Токтобай Тынымбаев атындагы орто мектебинин физика мугалими Сагынбек кызы Элнура. Ал Алматы шаарына эки күндүк эс алууга жолдомо жана грамота менен сыйланды. Ал эми 4-орун жана «Оригиналдуу көрсөтмө курал» номинациясы — Самүдүн Мурзакматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Адилет Жолдошбеков. Ал NextTap маркасындагы планшет жана грамота менен сыйланды. Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн А.Койчуманов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Босумбай Аскалиев кызыктыруучу сыйлык, 1000 сом жана картина менен сыйланды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер