БАШТАЛГЫЧ КЛАСС МУГАЛИМДЕРИ КРИТЕРИЙДИК БААЛОО МЕТОДОЛОГИЯСЫ БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТӨТ
- 19.10.2023
- 0
Башталгыч класстарда критерийдик баалоо методологиясын жана инструменттерин пилоттоо максатында Бишкек шаарында машыктыруучулар окутулууда. Окутуу 16-октябрда башталган жана 19-октябрга чейин уланат.
Тренингден өткөн машыктыруучулар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ысык-ата районундагы 20 жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы 20 мектептин башталгыч класс мугалимдерин этап менен менен окутат.
Методологияны пилоттоону 2023-2024-окуу жылынын II-IV чейректеринде өткөрүү пландаштырылууда. Сыноонун жыйынтыгы боюнча аны өлкөнүн мектептерине мындан ары киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыгат.
Критерийдик баалоо — бул так иштелип чыккан критерийлердин негизинде окуучунун реалдуу жетишкендиги менен күтүлгөн натыйжаларды салыштыруу процесси.
Комментарийлер