БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ: КОЭФФИЦИЕНТТЕР ТЕҢЕЛИП, АЙЛЫК АКЫЛАР ЖОГОРУЛАДЫ
- 27.04.2026
- 0
2022-жылы киргизилген мугалимдердин эмгек акысындагы ар кандай коэффициенттердин айырмачылыгы жоюлду. Президенттин Жарлыгына ылайык, 1-апрелден тартып мугалимдердин айлыгына 15 миң сом, ал эми техникалык кызматкерлерге 5 миң сомдон кошулду. Бул чечим кесиптик лицейлердин жамаатында чоң кубаныч жаратууда. Бул тууралуу Бишкектеги №5 кесиптик лицейдин директору Элеонора Ишекеева билдирди.

Директордун айтымында, коэффициенттердин теңелиши — бул билим берүү кызматкерлерине болгон чыныгы камкордук.
— Мугалимдер эмгек акынын көтөрүлүшүн абдан жакшы кабыл алышты. Азыр жамаатыбыз жаңыланган айлыктарын колуна алууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат, — дейт директор.
Ал эми борбордогу №18 кесиптик лицейдин улуу устаты Жылдыз Конокбаева көп жылдан бери ушул тармакта эмгектенет. Учурда ал бир ставка улуу устат жана жарым ставка методист катары иштеп, колуна 25 миң сом маяна алат.

— Президент тарабынан 15 миң сом кошумча жана маянанын 50 пайызга жогорулашы биз үчүн чоң колдоо болду. Кудай буйруса, айлыктарыбыз жүз пайызга чейин көтөрүлсө, колума болжол менен 50 миң сом тиет экен. Албетте, бул жакшы жаңылык. Бирок жашоо күн санап кымбаттап жаткандыктан, бул сумма деле толук жетиштүү эмес деп ойлойм. Төрт баламдын экөө контракттык негизде жогорку окуу жайда билим алат. Окуу акысынан сырткары коммуналдык кызматтар, тамак-аш, дары-дармек деген бар. Ошентсе да, колдоого шүгүр дейбиз. Мамлекет башчыбыз кийинки кезеңдерде да айлыктарды көтөрүү маселесин көңүл сыртында калтырбайт деп ишенебиз, — дейт Жылдыз Конокбаева.
Комментарийлер