БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ БИР КАТАР МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

  • 16.05.2023
  • 0

Бүгүн, 16-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” эл аралык форумунда өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол койду.

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ БИР КАТАР МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Тагыраагы:

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин ортосунда биргелешкен кесиптик-техникалык билим берүү уюмдарын түзүү жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “KASEF” коомдук фондунун ортосундагы “Worldskills” эл аралык кыймылына Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүнө көмөк көрсөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытайдын Хэнань университетинин алдындагы “Жибек жолу институту” жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда IT технологиялар, машина куруу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Техно Премьер” ЖЧКнын ортосундагы транспортту техникалык пайдалануу чөйрөсүндө жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКнын ортосунда жеңил өнөр жай чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүктү күчөтүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер