БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ ӨТҮҮДӨ

  • 07.06.2023
  • 0

Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында негизги жалпы билим берүү программалары боюнча 2022-2023-окуу жылы үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлүүдө.

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн, 7-июнда республика боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация математика/алгебра предметинен (комплекстүү тест жазуу түрүндө) өтүп жатат.

Ал эми 12- июнда Кыргызстандын тарыхынан (оозеки), 16-июнда кыргыз тилинен (орус тилинде окуган класстарда) жана орус тилинен (кыргыз тилинде окуган класстарда) комплекстүү тест жазуу түрүндө жана тандалган предметтер боюнча сынактар болот.

2-июнда кесиптик лицейлерде 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабиятынан эссе жазышкан.

Белгилей кетсек, башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан быйыл экинчи жылы экзамендер Zoom аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер