“МЫКТЫ ЛИЦЕЙ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 18.11.2022
  • 0

Бүгүн башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара өтүүдө.

“МЫКТЫ ЛИЦЕЙ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Салтанатка КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, кесиптик лицейлердин директорлору, өнөктөштөр ж.б. катышууда.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн эмгек рыногунун 70% бул тармактын окуучулары түзөрүн билдирди.

“Башталгыч кесиптик билим берүү тармагы — мамлекеттин өзгөчө маанилүү тармагы. Себеби бул тармак мамлекеттин келечеги болгон жаштардын кесипкөй адис катары калыптанышында чоң роль ойнойт. Акыркы 20 жылда башка тармактар сыяктуу эле кесиптик-техникалык билим берүүдө чоң өзгөрүүлөр болду. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагы эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келген квалификациялуу, компетенттүү жумушчу кадрды даярдоо боюнча өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө. Айыл чарба, курулуш, жеңил өнөр жай, тейлөө ж.б. тармактардын 70% башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын окуучулары түзөт”, — деди министр Мамбетакунов.

Салтанатта «Мыкты лицей» сынагынын жеңүүчүлөрүнө  сыйлыктар тапшырылды.

Алар:
Жалал-Абад облусундагы №21 кесиптик лицейи;
Ош облусундагы №67 кесиптик лицейи;
Талас облусундагы №90 кесиптик лицейи;
Баткен облусундагы №7 кесиптик лицейи;
Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейи;
Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейи.

Бөлүшүү

Комментарийлер