БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЗЫРКЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

  • 08.08.2023
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги кезектеги көчмө коллегия жыйынында башталгыч кесиптик билим берүүнүн көйгөйлөрүн жана перспективаларын талкуулады.

БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЗЫРКЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышкан коллегия жыйынында министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнура Мамырова башталгыч кесиптик билим берүүнүн учурдагы абалы жана келечектеги иш-планы тууралуу маалымат берди.

Коллегияда ошондой эле Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар кесиптик лицей директорлору өздөрү жетектеген лицейлердин ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Анда окуу жайларынын имараттарынын жана курулмаларынын инвентаризациялоо жыйынтыгы, кадрларды даярдоодо санариптик көндүмдөрдү окутууну өнүктүрүү, административдик процедураларды жана бүтүндөй окуу процессин санариптештирүү (электрондук журналдары ж.б.), башталгыч кесиптик билим берүүдө профилдик билим берүүнү өнүктүрүү менен кесиптик лицейлердин дуалдык жана гибриддик окутуу боюнча келишимдерди көбөйтүүнү камсыздоо, санариптик технологияларды эске алуу менен билим берүү инфраструктурасын өркүндөтүү, билим берүүнүн дистанттык формаларын (Zoom платформасы, moodl, ИСУ) күчөтүү ж.б. маселелер талкууланды.

БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЗЫРКЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

Каралган маселелердин катарында окуу жайлардын имараттарын жана курулмаларын инвентаризациялоо жыйынтыгы боюнча № 17, 19, 30, 62 кесиптик лицейлердин жана Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинин бош имараттарын белгиленген тартипте башка мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарына ушул окуу жайлары жайгашкан аймактардын керектөөлөрүнө ылайык кайра профилдештирүүгө же кайра түзүүгө өткөрүп берүү сунушталды.

БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЗЫРКЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

Андан тышкары, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жайгашкан № 45 кесиптик лицейи менен Бишкек шаарынын №100 кесиптик лицейи кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү сунушталып, Республикалык илимий- методикалык борборунун директоруна башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилери үчүн тренингдерди уюштуруу милдеттендирилди.

БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЗЫРКЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

Жыйын соңунда мына ушул айтылган маселелерди эске алуу менен бирге, башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын атайын эсебин көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү, ата мекендик гана эмес, ошондой эле эл аралык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ боло ала турган адистерди даярдоого багытталган билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу боюнча иш-аракеттерди көрүү жөнүндө чечимдер кабыл алынды.

А.КАШЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер