БАШКЫ МАКСАТ – МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮНҮ ДАЯРДОО

  • 30.04.2021
  • 0

И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинде 22-апрель күнү «Башталгыч класстын мугалимдерин окутуу, көйгөйлөрү жана келечеги», «Колледж жана мектеп» темасында тегерек стол болуп өттү.

БАШКЫ МАКСАТ – МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮНҮ ДАЯРДОО

БАШКЫ МАКСАТ – МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮНҮ ДАЯРДОО

БАШКЫ МАКСАТ – МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮНҮ ДАЯРДОО

БАШКЫ МАКСАТ – МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮНҮ ДАЯРДОО

 

 

— Тегерек столго облустун мектеп директорлору жана шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. Ал эми алыскы райондордон келип катыша албай калган мектеп директорлору Zoom тиркемеси аркылуу аралыктан байланышка чыгып, өз ой-пикирлерин билдиришти. Тегерек столдо практикага жолдомо берүү жана кабыл алуу, бүтүрүүчүлөрдү багыттаманын негизинде жумуш менен камсыздоо ж.б. маселелер талкууланып, мындан ары биргелешип кызматташууга багытталган Меморандумга кол коюлду. Бул иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты — өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана тараптардын узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чаранын аягында  билим берүүнү өнүктүрүү үчүн биргеликте мыкты окуучу, мыкты студент, мыкты бүтүрүүчүнү даярдоону максат кылдык, — дейт колледждин директору С.Үсөнбаевич.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер