БАШКАЛАРГА ҮЛГҮ ОшМУда

  • 28.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ошко болгон иш сапарында ОшМУнун башкы корпусунда уюштурулган сүрөт, кол өнөрчүлүк, студенттердин санарип багытындагы эмгектеринин көргөзмөсүнө күбө болду.БАШКАЛАРГА ҮЛГҮ ОшМУда

Ошондой эле, “Санарип университет” аталышындагы санариптештирүү багатындагы жасалган иш-аракеттердин презентациясын көрдү. Иш-чаранын алкагында министр ОшМУнун студенттери менен жолугуп, баарлашты.

БАШКАЛАРГА ҮЛГҮ ОшМУда

Жолугушууда К.Иманалиев өлкөдө азыркы онлайн билим берүүнүн пайдубалын тургузуп, өнүктүрүүдө мурунку ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун орду чоң экенин баса белгиледи. ОшМУда жасалып жаткан иштер өлкөдөгү бир топ ЖОЖдорго үлгү экенин, айрыкча, санариптештирүүдө ОшМУ лидер боло алганын билдирди. Андан сырткары Оштогу университеттер ОшМУга карап өнүп-өсүп келе жатат деп кошумчалады.

БАШКАЛАРГА ҮЛГҮ ОшМУда

Зинагүл НУРАЛИЕВА,

ОшМУнун пресс-катчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер