“БАШАТ” БОРБОРУ БАЛДАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН АРАЛЫКТАН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ

  • 23.04.2020
  • 0

Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу “Башат” жаш өспүрүмдөр чыгармачылык билим берүү борбору карантинде отурган окуучуларга позитивдүү сабактарды өтүүдө.

“Башат” жаш өспүрүмдөр чыгармачылык билим берүү борборунун максаты — таланттуу, чыгармачыл өспүрүм балдарды колдоо жана шыктандыруу. Борбордо 16 ийрим иштейт. Ийрим жетекчилери  жалпысынан 400дөн ашуун таланттуу балдар менен ар тараптуу иштерди алып барат. Өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу бүгүнкү күндө аралыктан ийрим иштери өткөрүлүп жатат. Март айында борбор жетекчилери тарабынан семинар-тренинг  өткөрүлүп, анда Whatsapp, Zoom, Youtube, Telegram интернет булактарын колдонуу үйрөтүлгөн. IV чейректин башында мугалимдер тоскоолдуксуз  сабактарын өтүп, окуучулар менен кайтарым байланыштарын түзүп, ийрим иштерин токтотпостон аралыктан иш жүргүзүүдө. Ошондой эле мугалимдер интернет булактарына өздөрүнүн сабактарын  жайгаштырууда.

“Уз кыздар” ийриминин жетекчиси Рыскулова Кулжамал аралыктан беткап тигүүнү үйрөтүп, ийримге катышкан  окуучулар үй-бүлө мүчөлөрүнө беткаптарды тигип беришип, район ичинде да бул иш жайылтылууда.

Рыскулова Кулжамал тарбиялануучулары менен кайтарым байланышты дагы жакшы жолго коюп алган. Ага окуучулары үйрөнгөндөрүн видеого тартып интернет аркылуу жөнөтүп турушат.

Андан сырткары үй кооздугу үчүн бош убактыларында мончоктон, кагаздан гүл жазаганды үйрөнүп жатышат.

“Ак тилек” комузчулар тобунун ийрим жетекчиси Сатылганов Амантай өз youtube баракчасында комуз күүлөрүн үйрөтүп, жалпы райондун окуучуларына шык берүүдө.

Ийримге катышкан окуучулар менен интернет булактары аркылуу нота менен күүлөрдү үйрөтүп жатат.

“Ай жаз” бийчилер тобунун ийрим жетекчиси Таалайбек кызы Айтолкун дагы өз социалдык баракчаларына үйдө карантинде отурган окуучулардын маанайын көтөрүү максатында бий ыргактары аркылуу окуучуларга жагымдуу маанай тартуулап бийдин элементтерин үйрөтүүдө. Окуучулар үчүн позитивдүү маанайда, “Атам Апам жана Мен” топ болуп социалдык баракчаларга жүктөшүүдө.

Ийримге катышкан окуучулар англис тилине кызыгуу менен сабак алууда, жетекчиси Тологонов Баяз Zoom программасы менен сабак өтүп, карантин учурунда окуучулар сөздүк корун көбөйтүшүп, тест, эссе жана башка тапшымаларын аткарышып, сабакка болгон кызыгуулары артууда.

Англис тил сабагы

“Башат” жаш өспүрүмдөр чыгармачылык билим берүү борборунун директору Кадыркулов Нурбек ар бир ийрим жетекчинин сабактарын аралыктан байкоо жүргүзүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер