“БАРДЫК ЖОЛДОР МАДИГЕ АЛЫП БАРАТ!” СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 09.03.2021
  • 0

Москва автомобиль жана жол мамлекеттик техникалык университети (МАЖМТУ) Кыргыз Республикасынын мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын, гимназияларынын, лицейлеринин окуучуларын, ошондой эле колледждеринин жана техникалык окуу жайларынын студенттерин “Бардык жолдор МАДИге алып барат!” сынагына катышууга чакырат. Жеңүүчүлөр Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин эсебинен университетте акысыз билим алуу, ошондой эле жатаканадан орун алуу укугуна ээ болушат.

Сынак математикадан онлайн тест түрүндө өтөт. Сынакка катышуу акысыз.

Онлайн-каттоо 2021-жылдын 15-февралынан 15-апрелине чейин болот.

Сынактын жыйынтыгында Кыргызстандын 7 жараны төмөнкү багыттар боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк алышат:

Курулуш;

Транспорттук процесстердин технологиясы;

Транспорттук жана технологиялык машиналардын жана комплекстердин эксплуатациясы;

Башкаруу.

Көбүрөөк маалыматты grant.madi.ru сайтынан алууга болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер