БАРДЫК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ КАНИКУЛ МЕЗГИЛИНДЕГИ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ БОЮНЧА

  • 18.03.2020
  • 0

Эскерткич

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы чечимин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 14-мартындагы №282/1 буйругуна ылайык, 16-марттан 8-апрелге чейин менчигинин түрүнө жана тибине карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарына каникул жарыяланды.

 Буга байланыштуу жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү аткарууг милдеттүү:  

  • билим берүү уюмдарында жана жатаканаларда  санитардык жана эпидемияга каршы  иш — чараларды өткөрүүгө;
  • күнү–түнү иштеген билим берүү уюмдарында (балдар үйлөрү, жетим балдар үчүн жатак — мектептер ) температуралык режимди сөзсүз түрдө сактоону, желдетүү жана дезинфекциялоону өткөрүүгө жана сырттан келгендерди  билим берүү уюмдарына киргизбөөгө;
  • окуучуларды билим берүү программаларын өздөштүрүү үчүн аралыктан окутуу формасын уюштурууга;
  • өз алдынча билим алуу сабактарын, онлайн–сабактарды, окууга арналган телесабактарды кѳрүүнү, адабий китептерди окуу жана электрондук  окуу ресурстарын  колдонууну уюштурууга;
  • жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн окуу- усулдук иштерин уюштурууга;
  • жалпы билим берүү уюмдарынын базасында ата – энелерден ( жакын туугандары же аларды алмаштыруучулар) Жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөрдүн билдирмелерин кабыл алуучу жооптуу адамды дайындап, жекече кабыл алууну уюштурууга.

Жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын  ата-энелери үчүн каникул мезгилиндеги коопсуздук чаралары боюнча

Эскерткич

Балдардын жана жаштардын  ден соолугунун коопсуздугун сактоо максатында, окуучулардын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт: 

  • балдарга өрт коопсуздугу боюнча эрежелер тууралуу (электр приборлорун жана башка турмуш-тиричилик техникаларын колдонууну) түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • эл көп топтолгон жерлерге (театрлар, кинотеатрлар, оюн-зоок жана соода борборлору)  балдардын баруусуна тыюу салуу;
  • балдардын коомдук транспорттор менен жүрүүсүн  чектөө;
  • коомдук тамактануучу (ресторан, кафе ж.б.) оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүүчү (компьютердик клубдар ж.б.) жайларга барууга тыюу салуу;
  • кошумча билим берүүчү сабактарга (ар кандай билим берүүчү курстар, спорттук секциялар, бий студиялары ж.б.) балдардын баруусун чектөө;
  • убакытты туура бөлүштүрүүгө, ошондой эле балдардын гаджеттер

(уюлдук телефон, компьютер ж.б.) менен убакыт өткөрүүсүнө үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү;

  • балдардын өнүгүүсү жана өз алдынча билим алуусу үчүн билим берүү жана көркөм  адабий китептерди окуусун,  билим берүүчү телесабактарды  көрүүсүн уюштуруу;
  • балдар үчүн ден-соолукту жакшыртуучу иш-чараларды өткөрүү (витаминдештирүү ж.б.), ошондой эле тамак-аш коопсуздугун сактоо жана үй жаныбарлары менен өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат берүү;
  • коопсуз чөйрөнү камсыздоого багытталган алдын алуу чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүү: идиш-аяктарды сөзсүз жууп-тазалоо жана бөлмөлөрдү вирустуу инфекцияларга каршы эффективдүү дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен тазалоо;
  • күн сайын балдар менен  респиратордук/ вирустуу оорудан сактануунун чаралары жөнүндө аңгемелешүүлөрдү  жүргүзүү: колду бат-баттан жуу, коомдук транспортко түшкөндөн кийин, коомдук жерлерден (дүкөн, аптека ж.б.) келгенден кийин дезинфекциялоочу каражаттарды  пайдалануу (суу майлыктар, антисептиктер ж.б.);
  • балдарга кайнатылып бышырылган тамактарды жана жуулган жер — жемиштерди пайдалануу тууралуу маалымат берүү, массалык эл көп топтолгон жерлерде, коомдук жайларда тамактанууга чектөө салуу.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер