БАЛЫКЧЫДА БАЛДАР ҮЧҮН “КООПСУЗ ПОЕЗД” АКЦИЯСЫ ӨТТҮ

  • 18.08.2021
  • 0

Милиция кызматкерлери Балыкчы шаарында көгүлтүр көл жээгине эс алууга келишкен балдар жана алардын ата-энелери үчүн “Коопсуз поезд” деген аталышта профилактикалык акциясын өткөрүштү.

Жолго чыкканда коопсуз жүрүм-жүрүм эрежелерин баары эле эстей беришпейт. Айрыкча, автоунаалар көп каттаган бекеттерде, поезд жолдорунда транспортко отуруу, түшүү эрежелерин туура сактабагандыктын аягы кайгылуу аяктаган учурлар көп эле кездешет. Ошондой калпыстыктарды кетирбеш үчүн милиция кызматкерлери кичинекей жүргүнчүлөргө жана аларды коштоп жүргөн чоң жүргүнчүлөргө темир жол транспортунда эмнеге көңүл буруу керектигин айтып беришти. Тартип сакчылары тараткан ал маалыматтар балдар үчүн эле эмес, алардын ата-энелери үчүн да кызыктуу жана пайдалуу болгондугун айтышып, коопсуздук чараларын өз убагында көрүүнүн, жол эрежелерди сактоонун адам өмүрүнө маанилүүлүгү жөнүндө ой-пикирлерин ортого салышты.

Акциянын соңунда ата-энелерге темир жолдо жүрүү эрежелери жана ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлорунун байланыш телефондору жазылган түшүндүрмө китепчелерин таратышты.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер