БАЛЫКЧЫ: МЕКТЕПТЕРГЕ ШАХМАТ ШАЙМАНДАРЫ ЖЕТКИРИЛДИ
- 30.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Балыкчы шаарындагы жалпы билим берүү уюмдары атайын шахмат шаймандары менен толук камсыздалды. 
Иш-чаранын уюштуруучулары белгилегендей, шахмат — балдарды сабырдуулукка, так чечим кабыл алууга, алдын ала ой жүгүртүүгө жана жеңишке умтулууга үйрөткөн эң маанилүү интеллектуалдык спорт түрү.
Мектептерде шахмат оюнун жайылтууга, окуучулардын логикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жана керектүү шарттарды түзүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн шаардын билим берүү кызматкерлери Агартуу министрлигине ыраазычылык билдиришти. 
Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган мындай демилгелер окуучулардын интеллектуалдык потенциалын ачууга жана алардын ар тараптуу калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.
А.К., «КБ»