БАЛДАРГА КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН ИРМЕМДЕР
- 08.06.2023
- 0
Окуу жылы аяктаганы менен өлкөдө мектеп алдындагы лагерлер иштей баштады.
Лагерь десе көпчүлүк табияттын кооз жериндеги балдардын эс алуусун ойлошот. Албетте бул жакшы деңизчи, бирок бардык эле ата-энелердин өз баласына жолдомо алып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Айрымдар андай мүмкүнчүлүгү болсо да, коопсуздук маселесин биринчи орунга коюп, үйдөн алыс кетпей эс алуусун ойлошот. Бишкектин «Дордой» конушунда жайгашкан №94 жалпы билим берүүчү орто мектебинин «Алтын балалык» эс алуу лагери дал ушундай ой-тилектеги ата-энелердин балдарын кабыл алды. Учурда мында 120 бала тарбияланып, 8 тарбиячы, 2 медайым, дене тарбия жана музыка мугалимдери иштеп жатат. Жайдын ысыгына карабай балдардын көңүлдүү эс алуусуна баш-көз болушкан тарбиячылардын ысымдарын атай кетсек. Алар — «Роза» тайпасынын тарбиячысы Назарбекова Бүайша, Дунганаева Насира, «Жоогазын» тайпасынын тарбиячысы Мааметова Света, Жанышбекова Айдинай, «Байчечекей» тайпасынын тарбиячысы Касымова Кайыргүл, Оболбекова Кенжеке, «Кызгалдак» тайпасынын тарбиячысы Алымкулова Асел, Кубанычбек кызы Айнура. Мектеп алдындагы лагерь 6-июнда ата-энелердин катышуусунда ачылып, мектеп директору Кенже Ажыгулова балдар-кыздарды лагердин биринчи күнү менен куттуктады.
— Сиздерге ушундай сонун мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан шаар бийлигине, демилгени колго алган эл өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз, — деди Кенже Кадыровна.
Балдардын бир жумалык эс алуусуна тажрыйбалуу педагог Бешкемпирова Назгүл жетекчилик кылат.
— Биздин мектеп «Дордой» базарынын чукул жайгашкан. Мектепте убактылуу батирде турган ата-энелердин балдары окуйт. Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр да жок эмес. Мектеп алдындагы лагерге биринчи кезекте ушундай үй-бүлөлөрдүн балдары кабыл алынды, – дейт лагерь директору.
Ал эми Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында балдардын мектеп алдындагы жайкы эс алуусу шаардык Балдар чыгармачылык үйүндө уюшулду. Энергетиктер шаарында кыска мөөнөттүү лагерь эки жылдан бери уюшулуп келүүдө. Мурунку жылдары төрт тайпа иштеп, ар кимисинде 25-30 бала болгон болсо, быйылкы жылда суроо–талап көп болуп алты тайпа ачылды. Учурда 125 бала эс алууда. Балдар англис тилинде ырдап-бийлегенди, оригами жасоону, сүрөт тартууну үйрөнүшөт. Программада менталдык арифметика, түрк тили, спорттук жана улуттук оюндар да каралган. Тайпалар аралык сынактар күн сайын болуп турат. Лагердеги балдар “Энергетик” эс алуу паркына барышат. Мисалы, жакында ал жерде асфальтка сүрөт тартуу конкурсу өттү. Күнүгө эртең менен 15 мүнөттүк гимнастика жасалып, балдар-кыздар үйүнө кетээрде флешмоп бийлешет. Балдардын кызыктуу жана пайдалуу эс алуусун уюштурууда сүрөт мугалими Бечелова Элиза, менталдык арифметика мугалими Чеченбекова Дамира, англис тилин окуткан Аскеева Элиза, түрк тилинен сабак берген Бердимуратова Айжамал, кагаздан кооздуктарды жасоону үйрөткөн Маметова Чолпон, кыргыздын улуттук оюндарынын маанисин төкпөй-чачпай жеткирген Мусуралиева Тамара, кыймылдуу көнүгүүлөрдү жасоодо балдарга үлгү көрсөткөн дене тарбия мугалими Голубева Мария Владимировна талыкпай эмгектенип жатат.
— Лагерге келгенден бери жайында кайда бараарын билбей, уйку менен телефондон башы чыкпай калган балдар, өспүрүмдөр бош учурун пайдалуу өткөрсө болорун билип калышты. Негизинен лагердин таасири, пайдасы зор, – дейт Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы А.Токтосартов атындагы китепканада «Окуу керемет» долбоорунун алкагында окуу жана эсеп лагери өз ишин баштады.
— Алгач саламдашуу жана таанышуу болду. Андан кийин тарбиялануучулар китепканачылар Мөлмөл Койчуева менен Айганыш Шайымкулованын нускоосунда «Каалоо жана тилектер дарагына» өз тилектерин жазып илишти. «Окуйбуз, ойлонобуз, талкуулайбыз» циклинде Питер Рейнольдстун «Чекит» аңгемесин талкуулашты. Чыгармачылык устаканада таштарга сүрөт тартышты, – деп айтат
Мырзайым Сагынбаева.
Ош облусунун Кара-Суу районунда болсо Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 2-июнундагы № 03-2 / 5113 телефонаграммасынын негизинде 2023-жылдын 26-майынан 10-июнга чейинки аралыкта “Окуу керемет” долбоорунун алкагында 30 мектептин базасында “Эсеп жана окуу” лагерлерин уюштуруу колго алынды. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Апиза Анарбаевнанын айтуусунда, учурда 27 кыргыз тайпасында 675, 12 орус тайпасында 300, 3 өзбек тайпасында 75, бир тажик тилиндеги тайпада 20 тарбиялануучу өзүнүн окуу, эсеп көндүмдөрүн өнүктүрүп жатат.
— Бул ишти уюштурууда аталган долбоордун көмөгү чоң. “Окуу керемет!” долбоору тарабынан ар бир мектепке керектелүүчү каражаттар, усулдук колдонмолор берилди, – деди райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу адиси.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун айрым айыл өкмөттөрү «Окуу керемет» долбоорунун алкагында уюштурулган мектеп алдындагы лагерлерди колдоого алып, бир маал ысык тамак менен камсыз кылып жатыптыр.
— Биздин Иманов атындагы орто мектепте да лагерь ачылып, башталгыч класстардын мугалимдери тарбиячы катары иштеп жатышат. Бизде окуучулар мектепте эртең мененки саат 10дон 12ге чейин болушат, – дейт мектеп мугалими Шайыр Ашырова.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер