БАЛДАРГА  КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

  • 07.12.2023
  • 0

2023-жылдын 6-декабрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан  райондун аймагындагы мектептерде жана бала бакчаларда эмгектенген мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар 27 кызматкерге акчалай материалдык колдоо көрсөтүлдү.

БАЛДАРГА  КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Асанбаев, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды багып, тарбиялап жаткан билим берүү кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, балдарына жана аларды багып жаткан ата-энелерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Иш-чаранын соңунда  Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан  мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар билим берүү кызматкерлеринин ар бирине  — 2000 сомдон, жалпы — 27 билим берүү кызматкерлеринин балдарына — 54000 сом  акчалай материалдык жардам көрсөтүлдү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер