БАЛДАРГА АРНАЛГАН ОНЛАЙН КОНЦЕРТ

  • 31.05.2020
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек борборунда 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган онлайн концерт өттү.

БАЛДАРГА АРНАЛГАН ОНЛАЙН КОНЦЕРТ

Концертке “Сейтек” борборунун чыгармачылык топтору жана “Ак шоола” балдар хорунун балдары катышты.

— Азыркы биздин коомдо эң олуттуу болгон үй-бүлөлүк мамиле, тарбия боюнча маселелер биринчи орунга коюлуп жатат. Бүгүнкү күндө жаңы технология, маалыматтар күндөн-күнгө жаңыланып жатканда үй-бүлөдөгү баарлашуу, кептешүү мамилелери экинчи орунга турат. Ар бир үй-бүлөдө ата-эне менен балдары уюлдук телефон, планшет жана ушул сыяктуу гаджеттер менен гана байланышып, жөнөкөй көзмө-көз сүйлөшпөй калышты. Ошол себептен биз ата менен баланын, эне менен кыздын мамилелерин, тарбиясын көрсөткүбүз келип, аталган концертти биздин чыгармачыл үй-бүлөлөрдүн катышуусунда өткөрдүк, — дейт борбордун директору Сабийра Челпакова.

БАЛДАРГА АРНАЛГАН ОНЛАЙН КОНЦЕРТ

БАЛДАРГА АРНАЛГАН ОНЛАЙН КОНЦЕРТ

БАЛДАРГА АРНАЛГАН ОНЛАЙН КОНЦЕРТ

Концерттин башында эле классикалык чыгарманы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкпаев кызы Нурайым Азыкпаева менен ачып беришти.

— Булардын катарында Акунбек Эрбол ата-энеси менен “Гүлазык” чыгармасын, Бектурганов Азирет апасы Гүлнара менен “Тагылдыр тоо”, Асанкожоева Амина жана Умар апасы Салтанат менен “Мына кызык”, Маметов Жоодат атасы Баястан менен “Миң кыял” күүсүн комузда чогуу чертип, Асылбеков Эмирхан чоң энеси Касиет менен “Момпосуй бала”, Шабданалиев Акжол апасы Салтанат менен “Бессамо мучо”, Куттубековордун үйбүлөсү “Детский джаз” чыгармаларын аткарышты, — дейт директор.

Концертте негизинен классикалык жанрдагы чыгармалар, улуттук аспапта ойноо, балдар ырлары, бийлери көрсөтүлдү.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер