БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУНА 15 МИЛЛИОН СОМГО ЖАКЫН КАРАЖАТ БӨЛҮНДҮ
- 08.06.2026
- 0
Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, жетим жана майыптыгы бар өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштурууга мамлекет тарабынан 15 миллион сомго жакын каражат ажыратылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн кезектеги кеңешмеде маалымдалды.
Бөлүнгөн каражаттын алкагында балдар Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда эс алышат. Түзүлгөн планга ылайык, эс алуучулардын алгачкы тобу үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда кабыл алынмакчы.
Борбордо балдардын убактысын пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анда атайын ийримдер, компьютердик сабаттуулук сабактары жана англис тили курстары уюштурулат. Министрликтен билдиришкендей, эс алуу учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, катуу көзөмөлгө алынат.
Комментарийлер