БАЛДАРДЫН АПАПАК АРУУ ТИЛЕГИ

  • 17.04.2020
  • 0

Жалал-Абад облусунун алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири — Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 5″а» классынын окуучулары кыйын кырдаалда эмгектенип жатышкан ак халатчан дарыгерлерди, эл бейпилдигин сактап турган тартип сакчыларын жана ушул оор күндөрү аралыктан билим берип жатышкан мугалимдерди колдоп, жалпы элге кайрылуу жасашты. 

Кайрылууда балдар-кыздар тартип сакчыларынын, дарыгерлерге жана мугалимдерге элдин жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан иштерине ыраазылык билдиришип, баардык жарандарды Ата Журтту Алыкулдай сүйүүгө, эли-журттун бейпилдигин Манастай коргоого чакырышты

А Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер